Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт

21-ноябрдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

22-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жок. Күндүн экинчи жарымында Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13,

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 18…20° болот.

Дагы караңыз

"Ак-Тилек" бекетинде тыгында оор жүк ташуучу 510 машина туратПрезидент Жапаров Бишкек “Бир алкак – бир жол” долбоорун колдорун билдирдиЖапаров Жапония менен соода алака түзүү зарыл экенин айтты Эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгы белгиленди