Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Президент Жапаров Бишкек “Бир алкак – бир жол” долбоорун колдорун билдирди


Иллюстрация
Иллюстрация

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын мамилесинде эч кандай маселе жоктугун жана Бишкек “Бир алкак – бир жол” долбоорун колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал 20-ноябрда Жапониядагы расмий сапарынын алкагында NHK телеканалына берген маегинде айтты.

Ал азыр өлкө “туюк абалда” калганын, Европа же башка өлкөгө чыгуу үчүн Казакстан менен Орусиянын аймагы аркылуу өтүшү керектигин, "Бир алкак – бир жол" долбоору Кыргызстан үчүн да зарыл экенин белгиледи.

“Биздин түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу бириккен эмес. Ошондуктан биз азыр Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолун салып бара жатабыз. Макмалдан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна алып барып кошсок, түндүк-түштүк жолу да бириккен болот. Ошол жол аркылуу деңизге, Перс булуңуна, Каспий деңизине чыгабыз. Кыргызстандын туюктан чыгуудагы бирден бир жолу ушул. Ошондо биз толук кандуу көз карандысыз мамлекетке айланабыз десек болот”, - деди президент.

Ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде темир жол куруу жөнүндө сөз кылган. Аны ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин билдирген.

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш. Бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Кыргыз өкмөтү долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгонун, учурда каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын октябрда билдирген.

XS
SM
MD
LG