Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Жапаров Жапония менен соода алака түзүү зарыл экенин айтты


Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапар учурунда. 20-ноябрь, Токио.
Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапар учурунда. 20-ноябрь, Токио.

Келерки жылы Казакстандын борбору Астана шаарында “Борбор Азия – Жапония” саммити өтөт. Мындай аянтчадагы жыйын буга чейин министрлердин катышуусунда болуп келсе, эми алгачкы жолу президенттердин деңгээлинде өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапарынын алкагында NHK телеканалына берген маегинде билдирди.

“Бул саммитте Жапония менен Борбор Азия кандай негизде кызматташары тууралуу сөз болот. Мисалы, Борбор Азияда кен байлыктар көп, ушул багытта жана логистикалык борборлорду ачуу багытындагы түзүмдөрдү түзүү боюнча сөз болот деп күтүп жатам. Дүйнөдөгү азыркы кырдаалда Жапония менен Борбор Азиянын ортосунда соода-экономикалык алаканы түзүү зарыл болуп турат. Бул жакшы жыйынтык берет деп ойлойм”, - деди Жапаров.

Президент Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы соода алмашуунун көлөмү 150 миллион доллардын тегерегинде экенин, мындан ары бул көрсөткүчтү жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди.

Жапон өкмөтү Кыргызстанга инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду каржылоо жагынан колдоо көрсөтүп келгенин белгилеп, мисал катары көпүрөлөрдүн салынганын, бир катар инфраструктуралык курулуштарды жана “Бир айыл – бир өнүм” долбоорун келтирди.

Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрь күндөрү расмий сапар менен Жапонияда болуп, жапон парламентинин спикери Фукусиро Нукага, Жапон Эл аралык кызматташтык банкынын (JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси, ошондой эле бир катар соода уюмдарынын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Бул өлкөнүн өкмөт башчысы Фумио Кисида менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Сапардын алкагында ирригация тармагындагы техника үчүн гранттык жардам алуу, Юстиция министрликтеринин ортосунда укуктук чөйрөдө кызматташуу, саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы" мекемеси менен "Билим капиталы" ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алакасына быйыл 30 жыл толду.

XS
SM
MD
LG