Бүгүн Бишкекте эл аралык кинофестивал башталат

Айтматовдун чыгармасынын негизинде режиссер Геннадий Базаров тарткан "Саманчынын жолу" фильминен кадр. Толгонайдын ролунда - актриса Бакен Кыдыкеева.

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык кинофестивал ишин баштайт. Фестивал Улуттук филармонияда өтөт.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, кинофестивал улуттук жана эл аралык категорияларда өтөт: он тасма эл аралык, сегиз кинофильм улуттук категориядагы сынакка катышат.

Иш-чаранын негизги коногу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасы боюнча тартылган тасмада баш каармандын ролун ойногон түркиялык актриса Түркан Шорай болору кабарланган.

Фестивал ишин 21-ноябрда жыйынтыктайт. Бул аралыкта түрдүү семинарлар өтүп, сынак тасмалары көрсөтүлөт, киноиндустрия боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Фестивал Улуттук опера балет театрында жыйынтыкталат.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган. 2008-жылы 10-июнда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан, сөөгү “Ата-Бейитке”, атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары эң көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө чоң нуска менен кайрадан басылып келет. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде дүйнөнүн бир канча мамлекетинде ондогон кинотасмалар тартылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Түптө жол кырсыгынан үч адам набыт болдуАКШ-Кытай сүйлөшүүсү: аскердик кызматташуу, маңзатка каршы күрөш Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапар менен барды УКМК Соода-өнөр жай палатасындагы мыйзамсыз иштер аныкталганын билдирдиСловакиялык айдоочулар Украина менен чек арадагы жолду тосушту