Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрүп жатат

Боом капчыгайы. Архивдик сүрөт.

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө кооптуу таштарды кулатып, тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 13-17-ноябрь күндөрү убактылуу чектөө киргизилет.

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү жол саат 09:00 - 15:00 аралыгында бир тарапка ачык болот. Кыймылга Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөйт.

“Кыргыз темир жолу” Боом аркылуу каттаган айдоочуларга кайрылып, мындай чектөөлөрдөн улам сапарды алдын ала пландап алууну сунуштады.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу жана аларды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жылына бир нече жолу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат. Акыркы жолу мындай чектөө быйыл 6-10-ноябрь күндөрү киргизилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Жамалбек Асылбек уулу самбо боюнча дүйнө чемпиону болдуПрезидент Жапаров "ынтымакка доо кетиргендер катуу жазаланат" деп билдирдиУКМК "Айчүрөк" соода борборунун ээси Габбазовго эл аралык издөө жарыяладыКызылча боюнча абал оор, илдетке чалдыккандар 3600дөн ашты Мадумаровдун жээни УКМКга суракка чакырылды