Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве менен жолукту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда ыш көйгөйү, санариптештирүү жараяны, креативдүү экономика жаатындагы долбоорлорду бирге ишке ашыруу жана тоо-кен тармагы тууралуу пикир алышты.
“Тараптар Бишкектеги абанын булганышы жана бул көйгөйдүн себептерине өзгөчө көңүл бурду. Бул багытта кыргыз өкмөтү экологиялык таза энергия булактарын ишке киргизүү, калктын электромобилдерге өтүүсүнө шарт түзүү, ошондой эле коомдук транспорттун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча активдүү чаралар жүргүзүлүп жатканы белгиленди”,-деп жазылган маалыматта.
Өткөн айда Бишкектин ошол кездеги мэри Эмилбек Абдыкадыров ыш көйгөйүн чечүүнүн бир жолу катары 2024-2025-жылдар аралыгында шаар толугу менен газга өтөрүн билдирген.
Учурда шаардын жака белиндеги 50гө жакын конуштун 27си газдаштырылган.
Соңку жылдары айрыкча кыш мезгилинде Бишкек абасы булганган шаарлардын сап башына чыгып келет.
Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Адистер буга Бишкек жылуулук борбору, таштанды полигону, конуштар, машинанын көптүгү, менчик мончолор, көмүр жагуу жана өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келет.
Дагы караңыз
Ниязбеков сот кайтарган иштерге байланыштуу чара көрүлөрүн эскертти Боом капчыгайындагы жолдо каттамга убактылуу чектөө киргизилетНетаньяху Газада ок атышууну токтото туруу сунушун четке какты Атазов шайлоодо ага тарапташ болгондор суракка барганын ырастады Үч адамдын өлүмү: сот Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратты Байсалов бала бакчалардагы тамак маселеси саясатташканын айтты УКМК Палестинадагы жихадга чакыргандар жазаланарын эскертти Соңку тогуз айда жол кырсыктарында 500дөй адамдын өмүрү кыйылды ЮСАИД Кыргызстандан Европага кашемир экспорттоого көмөктөштү