Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Байсалов бала бакчалардагы тамак маселеси саясатташканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бала бакчалардагы тамак-аш берүүнү уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырды. Ал Бишкекте 3-ноябрда жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюуга арналган улуттук форумда мектепке чейин билим берүүнү каржылоо бир канча эсе көбөйтүү каралып жатканын айтты. Ошондой эле жаңы бала бакчаларды салууга жергиликтүү бийликке бир топ субсидия бөлүнүп, жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилерин маалымдады.

"Учурда айылдарды айтпаганда, шаарларда деле балдардын 35% жетпегени гана мектепке чейинки билим берүүгө тартылган. Бала бакчага киргизүү өтө кыйын. Мындай жайларга адатта жакшы жашаган, социалдык байланыштары бар үй-бүлөлөрдүн балдары барат. Аялуу үй-бүлөрдүн балдары кабыл алынбайт. Эмнеге жалпы эл колунда бар класстын балдарынын тамагына акча төлөшү керек? Бул жерде маселе социалдык акыйкаттуулукта жатат. Эгерде бала бакчаларга барган балдардын саны 70-80% болсо Советтер Союзунан бери келаткан учурдагы саясатты улантуу тууралуу маселе коюлса болмок. Биз бүгүн социалдык жактан аялуу жана муктаж үй-бүлөрлөрдүн балдарын даректүү колдоо тууралуу сөз кылып жатабыз",-деген Байсалов.

Мунун алдында Финансы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген. Бул саамалык кандай ишке ашат, бала бакчага төлөнчү акча жогорулайбы, жокпу, азырынча айтыла элек. Азыр балдардын тамагы 50/50 менен, жарымы ата-эненин, жарымын жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып жатат.

Парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик бала бакчадагы ысык тамактын акчасы боюнча маселе кайра каралып чыгарын айткан.

“Өткөндө, билесиздер, өкмөттөн билим берүү жөнүндөгү мыйзам келген. Ошондо ваучердик каржылоонун ичинде бала бакчадагы ысык тамак ата-энеге жүктөлсүн деген нерсе келип калыптыр. Ошону социалдык комитет менен бирге кайрадан алуу боюнча иш алып барып жатабыз. Биз ошол нерсени жалпы Жогорку Кеңештин атынан айтып койсок жакшы болчудай. Мыйзамга кайра өзгөртүү киргизип, бала бакчадагы тамак берүү системасы ата-энеси төлөбөй, кайрадан мамлекетке жүктөлө тургандай мыйзамга өзгөртүү сөзсүз киргизилет”, - деген депутат.

Билим жана илим багытындагы беш мыйзамдын ордуна бирдиктүү бир мыйзамды иштеп чыгуу аракетин өкмөт эки жыл мурда баштаган. Министрлик өзүнчө, депутаттар эксперттик топ менен бирге өзүнчө эки долбоорду иштеп чыгышкан. Натыйжада экөөнүн макулдашылган варианты парламенттин кароосуна киргизилип, ал быйыл 11-августта ишке кирген.

Көз каранды эмес, эл аралык тажрыйбага таянган эксперт катары катышкан авторлор долбоордун колдоо табышын тарыхый чечим деп баалап, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, сапатты жогорулатууга шарт түзүлөрүн белгилешкен. Негизги жаңылык катары алар бала бакча ачуу жеңилдей турганын, мектептерди текшерүү жана мугалимдердин кагаз толтурмай түйшүгү азая турганын, ваучер системасы кирерин, мектептеги аккредитация жоюларын, мамлекеттен бөлүнгөн акча баланын өзүнө гана жумшала баштарын айтышкан.

Бирок жаңы мыйзамдагы нормалардын бири бала бакчадагы ысык тамакка байланыштуу экени соңку күндөрү коомчулукта кызуу талкуулана баштаган.

XS
SM
MD
LG