Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

УКМК Палестинадагы жихадга чакыргандар жазаланарын эскертти


УКМКнын имаратындагы жазуу. Архив сүрөт.
УКМКнын имаратындагы жазуу. Архив сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандарга кайрылып Израил менен Газа тилкесиндеги жаңжалга байланыштуу жихад жарыялоо өңдүү чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырды. Ошондой эле, башка мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышка катышып, террордук даярдыктан өткөндөргө мыйзам чегинде жаза каралганын эскертти.

"Учурда интернет колдонуучулар арасында Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө айрым колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлери, чагымчыл билдирүүлөрү активдүү жайылууда. Буга байланыштуу УКМК Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышканы же террористтик даярдыктан өткөнү аныкталса ага кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертет. Эгерде адамдын куралдуу кагылышуу зоналарына катышуу ниетинин же жөнөтүлүү ниетинин белгилери бар болсо, же ага түрткөн болсо, алар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат), жана 416-беренеси (жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет",-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Бишкекте Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоогон акциялар өткөн. Чогулгандар аларга жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүшкөн.

Анын алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG