Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:57

Үч адамдын өлүмү: сот Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратты


Киши өлтүрүүгө шектүү. Сүрөт ИИМден алынды.
Киши өлтүрүүгө шектүү. Сүрөт ИИМден алынды.

Бишкектеги Октябрь райондук соту үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шек саналган Чынтемир Аширалиевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирди.

Чынтемир Аширалиев буга чейинки соттук териштирүүдө баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Маркумдардын жакындары адилеттик издеп бийлик башчыларына, депутаттарга чейин кайрылган.

Быйыл февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова аттуу аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Ал соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Аширалиев ага чейин Улуттук коопсуздук комитетине караштуу мамлекеттик күзөт системасында 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

XS
SM
MD
LG