Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө 6-10-ноябрь күндөрү (ишемби жана жекшембиден башка убактарда) каттамдарга убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлады жана мындай чектөө таштарды тазалоо иштери менен байланыштуу экенин билдирди.
“Мекеме бул күндөрү темир жолдун 3898-3899-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт. Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Боомдогу жолду жарым-жартылай тоскондон кийин тазалоо иштери 09.00-15.00го чейинки убакыт аралыгында жүргүзүлөт. Ошол маалда каттам бир тилкеде гана болуп турат”, - деп жазылган маалыматта.
“Кыргыз темир жолу” Боом аркылуу каттаган айдоочуларга кайрылып, мындай чектөөлөрдөн улам сапарын алдын ала пландап алууну суранды.
Дагы караңыз
Нетаньяху Газада ок атышууну токтото туруу сунушун четке какты Атазов шайлоодо ага тарапташ болгондор суракка барганын ырастады Үч адамдын өлүмү: сот Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратты Байсалов бала бакчалардагы тамак маселеси саясатташканын айтты УКМК Палестинадагы жихадга чакыргандар жазаланарын эскертти