Нетаньяху Газада ок атышууну токтото туруу сунушун четке какты

Израилдин армиясы Газа шаарында “Тез жардам” кызматынын машиналарын бутага алды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде ок атышууну токтото туруу сунушун четке какты.

Жума күнү, 3-ноябрдагы телекайрылуусунда туткундардын баары бошотулмайынча "гуманитардык тыныгуу" болбосун айтты.

Мунун алдында Израилде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Нетаньяху менен сүйлөшүүдө карапайым тургундарга жардам берүү, коргоо үчүн ок атышууну токтото турууну сунуштаган. Анда Вашингтон баштагыдай эле эгемен Палестина мамлекетинин түзүлүшүн жана “Эки эл – эки өлкө” деген формуланын ишке ашырылышын колдорун белгилеген.

Ал арада Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС радикал тобу Аль-Шиффа шаардык оорукананын жанындагы жардыруудан бери дегенде 13 адам набыт болгонун маалымдады.

Мунун алдында Reuters агенттиги Израилдин армиясы Газа шаарында “Тез жардам” кызматынын эки башка жерде жүргөн машинасын бутага алганын жазды.

Тель-Авив бул соккулар тууралуу комментарий берип, машиналарды Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС радикал тобунун жоочулары колдонуп жүргөнүн билдирди.

1-ноябрда АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесиндеги гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн "гуманитардык тыныгуу" керек экенин билдирген.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Израил армиясынын аба соккуларынан набыт болгондордун саны 9 миңден ашты. Алардын 3 миңден көбү балдар экенин буга чейин ЮНИСЕФ белгилеген.

Дагы караңыз

Атазов шайлоодо ага тарапташ болгондор суракка барганын ырастады Үч адамдын өлүмү: сот Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратты Байсалов бала бакчалардагы тамак маселеси саясатташканын айтты УКМК Палестинадагы жихадга чакыргандар жазаланарын эскертти Соңку тогуз айда жол кырсыктарында 500дөй адамдын өмүрү кыйылды