Үч адамдын өлүмү: сот Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратты

Киши өлтүрүүгө шектүү. Сүрөт ИИМден алынды.

Киши өлтүрүүгө шектүү. Сүрөт ИИМден алынды.

Бишкектеги Октябрь райондук соту үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шек саналган Чынтемир Аширалиевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирди.

Чынтемир Аширалиев буга чейинки соттук териштирүүдө баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартып, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Маркумдардын жакындары адилеттик издеп бийлик башчыларына, депутаттарга чейин кайрылган.

Быйыл февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова аттуу аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Ал соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Аширалиев ага чейин Улуттук коопсуздук комитетине караштуу мамлекеттик күзөт системасында 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

Дагы караңыз

Байсалов бала бакчалардагы тамак маселеси саясатташканын айтты УКМК Палестинадагы жихадга чакыргандар жазаланарын эскертти Соңку тогуз айда жол кырсыктарында 500дөй адамдын өмүрү кыйылды Атазов шайлоодо ага тарапташ болгондор суракка барганын ырастады АКШда Өкүлдөр палатасы Израилге гана жардам жөнөтүүнү колдоду Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын быйыл чечүү каралып жатканын айтты ЮСАИД Кыргызстандан Европага кашемир экспорттоого көмөктөштү Президент жакырчылыкты жоюуда эл аралык коомчулуктун колдоосу керек экенин айтты Келерки жылдагы ажылык сапарга Кыргызстанга 6060 орун бөлүндү Өкмөт бийик тоолуу, шарты катаал айылдардын тизмесин өзгөртөтИзраил Газа шаарын толук курчоого алганын билдирди