Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

Израил Газа шаарын толук курчоого алганын билдирди


Газа тилкесиндеги Израилдин жоокерлери.
Газа тилкесиндеги Израилдин жоокерлери.

Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги Газа шаарын толук курчоого алганын билдирди. Армиянын расмий өкүлү Дэниэл Хагари аталган анклавды башкарган "ХАМАС радикалдуу тобу менен мунасага келүү жана ок атышууну токтотуу тууралуу сөз дагы болушу мүмкүн эместигин" айтты.

Ал Израил жоокерлери жердеги операцияда "аталган куралдуу топтун позицияларын жана анын командалык бекеттерин, инфраструктураларын бутага алып "террорчуларды" жок кылып жатканын" айтты.

Цахалдын маалыматына караганда, соңку бир канча сааттын ичинде ХАМАСтын 130дай өкүлү жок кылынды. Газа тилкесиндеги соңку операцияда Изралидин 20 чакты жоокери окко учту.

Мунун алдында, бейшембиде Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газадагы бомбадан коргонуучу жайларга айланган төрт мектеби аткыланганын, анда бери дегенде 20 качкын мерт болгонун билдирген.

Учурда эл аралык коомчулук гуманитардык тыныгуу жарыялоого чакырып келатат. Камоолго алынган жана тынымсыз соккуларга туш болгон тилкенин тургундары азык-түлүк, күйүүчү май, таза суу, ары-дармектин тартыштыгынан жапа чегип келатат. ЮНИСЕФ бир нече күн мурун туздуу суу ичүүгө аргасыз болгон балдар ооруп жатканын эскерткен.

Газадагы 35 оорукананын 30% иштебей турат. Көбү качкындар башкалкалаган жайларга айланган. Бириккен Араб Эмираттар миң наристени дарылоону сунуш кылса, Түркия рак оорусунан жабыркаган бейтаптарды алып кетүүнү көздөөдө.

Израил шейшемби жана шаршемби күндөрү Газадагы Жабалия качкындар лагерине абадан сокку урганда ХАМАСтын эки аскердик командачысын жок кылганын билдирген.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Израилдин “пропорционалдуу эмес соккулары согуш кылмыштарына жакындашы мүмкүн” деп эскерткен.

ХАМАСтын басма сөз кызматы Жабалияда эки соккудан кеминде 195 палестиналык каза тапканын, 120 кишинин дайыны белгисиз болуп жатканын, 777 киши жараат алганын жазган.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 9 миңден ашык киши каза тапканын, 3760ы балдар, 2 миңден көбү аялдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1400 киши деп кабарланган, алардын 300 чактысы аскерлер. Дагы 200дөн ашуун киши ХАМАСтын барымтасында калууда.

XS
SM
MD
LG