Кыргызстанда балдарды өнүктүрүү боюнча долбоор башталды

Кыргызстанда балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган WE CARE долбоору башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Министрлик балдардын эрте өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ар бир демилгени кубаттайт жана колдойт. Анткени баланы эрте өнүктүрүү – приоритеттүү, өтө маанилүү милдет”, - деди министр Догдүргүл Кендирбаева.

Долбоор алдыңкы үч жылда ишке ашырылат жана балдардын эрте өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө, ушул тармакта ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошот.

WE CARE долбоору Билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фондунун кызматташуусунун негизинде ишке ашырылат. Үч жылдын ичинде долбоор 100дөн ашык балдарды эрте куракта өнүктүрүү мекемелерине жардам көрсөтүп, 700дөн ашык мугалимдерди жана тарбиячылар окутулары пландалып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1 млн. 200 миң баланын 24% гана, же болбосо 200 миңи бала бакчага барат. Калган 76% (900 миң бала) бала бакча менен камсыз болгон эмес. (КЕ)

Дагы караңыз

Израил Жабалия аймагына сокку урганын ырастадыМинистрлик сөөгү кудуктан табылган окуучу видео жазып калтырганын билдирди Даун синдрому, шал жана аутизм болгон балдар боюнча депутаттык комиссия түзүлдү Сот аткаруучулар кызматынын Кара-Суу райондук бөлүм башчысы кармалды