Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:16

Даун синдрому, шал жана аутизм болгон балдар боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Даун синдромуна жана шал оорусуна чалдыккан, аутизм болгон балдардын көйгөйү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Курамы бүгүн 1-ноябрда бекитилип, ага депутаттар Марлен Маматалиев, Таалайбек кызы Жылдыз, Винера Раимбачаева, Айбек Алтынбеков, Эмил Жамгырчиев, Айгүл Айдарова, Дастан Бекешев, Максатбек Сарбагышев, Мейкинбек Абдалиев жана Жылдыз Садырбаева кирди.

Комиссия түзүү демилгесин «Альянс» парламенттик фракциясы көтөрүп чыккан. Анын максаты – мындай абалга дуушар болгон балдардын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынын сакталышын карап чыгуу экени белгиленди.

Кыргызстанда соңку жылдары тубаса майып болуп төрөлгөн балдардын арасында Даун синдрому, шал, нерв оорулары көбүрөөк кездешүүдө. Адистер буга социалдык-экономикалык, экологиялык абал, ошондой эле үй-бүлөнү, балалуу болууну пландоого көңүлкош мамиле себеп экенин белгилешет.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 200 миңден ашуун майып адам жашайт. 2020-жылдын аягына карата 18 жашка чейинки 32 миңден ашуун баланын майыптыгы бар экени белгилүү болгон, бул жалпы майыптыгы бар адамдардын 16,5% түзөт. Жыл сайын 4 миңге жакын бала биринчи жолу майыптык статусун алат.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар мамлекеттен тийиштүү жардам ала албай турганын укук коргоочулар айтып келишет. Алардын пикиринде, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер расмий статистикадан кыйла көп. (RK)

XS
SM
MD
LG