Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Израил Жабалия аймагына сокку урганын ырастады


Жабалия качкындар лагери. Газа, 31-октябрь 2023-жыл
Жабалия качкындар лагери. Газа, 31-октябрь 2023-жыл

Газанын түндүгүндөгү Жабалия лагерине шейшембинин кечинде катуу жарылуу болуп, көптөгөн кишинин өмүрүн алып кеткени кабарланган. Израил ошол районго сокку урганын моюнга алып, ХАМАС радикал тобунун жогорку жетекчисин жок кылууну көздгөнүн айтты.

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги 50 карапайым киши мүрт кеткенин, 150 чактысы жарадар болгонун кабарлады. Би-Би-Синин жазганына караганда, Палестина тарап жарылуу Израилдин аба соккусунан кийин болгонун маалымдаган.

Рейтер агенттиги жарыялаган сүрөттөрдө лагердеги кыйроолорду, уранды арасынан аман калгандарды издеген кишилерди көрүүгө болот.

AFP агенттигинин кабарчысы да Жабалияга барып кетти. Агенттик маалымдагандай, ал тарткан кадрда бери дегенде 47 кишинин сөөгү байкалат.

Америкалык CNN телеканаы күбөлөргө жана дарыгерлерге шилтеме менен “Эл жыш жайгашкан кварталда иш алып барган ХАМАСтын отрядынын командирин бутага алган Израилдин соккусу апаатка алып келди. Соккудан көптөгөн киши каза тапты”, - деп билдирди.

Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари согуш учактары “Борбордук Жабалия” батальонунун кол башчысы өлтүрүлгөнүн кошумчалады.

Хагаринин айтымында, “террорчуларга жана алардын инфраструктурасына” катуу сокку урулду, “көп сандагы террорчулар” жок кылынды, “жер астындагы инфраструктурасы кулап калды”.

Израилдин бийлиги газалыктарды түштүк тарапка көчүүгө чакырып келатат. Бирок айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бүтүндөй Газа тилкеси кооптуу жерге айланганын айтып, андай эскертүү маанисиз деп белгилешет.

XS
SM
MD
LG