Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Министрлик сөөгү кудуктан табылган окуучу видео жазып калтырганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында каза болгон 13 жаштагы окуучу тууралуу маалымат берди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, №3 гимназиянын 7-классынын окуучусу А.А. 30-октябрь күнү сабакка толук катышып, саат 17.50дө мектептен чыгып кеткен жана үйүнө барган эмес. Өспүрүм жакшы окуган окуучулардын катарында болгон.

Окуучунун апасы ушул эле күнү милицияга кайрылып, издөө иштери башталган. Кечки саат 22:35те баланын сөөгү стадиондун жанынан, тереңдиги төрт метрлик кудуктан табылган.

31-октябрь күнү эртең менен баланын телефону табылган, анда анын видео кайрылуусу болгон. Анда эмне деп айтылганы белгисиз.

Үч күн мурда Караколдо 9-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салганы кабарланган. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 13 жаштагы баланын өлүмү иликтене баштаганын "Азаттыкка" билдирген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү башталган.

Баланын жакындары тараптан комментарий боло элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG