Франциянын президенти Эммануэл Макрон 1-2 ноябрда Казакстанга жана Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Елисей сарайы билдирди.
“Франция бул эки өлкөнү реформа жана модернизация жолунда колдоп, Европа менен алакаларын бекемдөөдө салым кошууга даяр",-деп билдирди француз лидеринин администрациясы 26-октябрда.
Ошондой эле Казакстан жана Өзбекстан менен алаканы бекөмдөөнүн максаты “экономикалык, энергетикалык, саламаттык сактоо, айыл чарба көз карандысыздыгы жана коргонуу багытында кызматташуу ”экени белгиленген.
Соңку ирет Франциянын президенти Франсуа Миттеран Өзбекстанга 1994-жылдын апрелинде келген. Ал эми былтыр ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Францияга расмий сапар менен барган.
Дагы караңыз
АКШ Сириядагы Иранга байланышы бар эки жайга сокку урду Пакистанда сот мурдагы өкмөт башчы Ханды күрөөгө бошотуудан баш тарттыТажик бийлиги активисттердин жакындарын “жазалаганы” үчүн сынга кабылды