Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:20

АКШ Сириядагы Иранга байланышы бар эки жайга сокку урду


Cириянын түндүгүндөгү Аль-Танф аскердик жайы. 22-октябрь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Cириянын түндүгүндөгү Аль-Танф аскердик жайы. 22-октябрь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар 26-октябрга караган түнү Сириянын чыгышындагы эки жайга абадан сокку урду. Пентагондун маалыматына караганда, бул жайларды Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу колдонот. Сокку Сирия менен Ирактагы америкалык базаларга соңку жумада жасалган чабуулдарга жооп катары урулган.

«Бул жогорку тактыктагы соккулар өзүбүздү коргоо максатында, 17-октябрдан бери Иранга байланышы бар куралдуу топтордун Ирак менен Сириядагы АКШнын жеке курамына каршы тынымсыз жасап жаткан ийгиликсиз чабуулдарына жооп катары уюштурулду», – деди Пентагондун башчысы Ллойд Остин. Ал кошумчалагандай, соккулар президент Жо Байдендин уруксаты менен жасалды.

Буга чейин Байден Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеиге жасаган өтө сейрек жеке кайрылуусунда Тегеранга Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлерге чабуул жасоодон оолак болууну эскерткен.

Соңку жума ичинде АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн аскерлери жайгашкан Ирактагы базалары 12 жолу, ал эми Сириядагысы төрт жолу аткыланган. Натыйжада жалпысынан 20дан ашуун америкалык жоокер жараат алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Ирактагы иранчыл топтор алган.

XS
SM
MD
LG