Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Пакистанда сот мурдагы өкмөт башчы Ханды күрөөгө бошотуудан баш тартты


Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Хан.
Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Хан.

Пакистанда сот мамлекеттик сырга байланыштуу иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Имран Ханды күрөөгө бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу 27-октябрда анын адвокаты билдирди.

23-октябрда Пакистандын Равалпинди шаардык соту Ханга жана мурдагы тышкы иштер министри Шах Махмуд Курешиге мамлекеттик сырдын ачыкка чыгып кетиши боюнча айып таккан.

Былтыр апрель айында кызматтан кеткенине байланыштуу маалымат жыйында Хан жашыруун дипломатиялык документти көрсөткөн. Колундагы документ анын кызматтан алынышына "АКШнын катышы бар экенинин далили" деп айткан. Документ ачык жарыяланган эмес. Бирок ал Исламабаддын Вашингтондогу элчилиги менен Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы дипломатиялык телеграмма деген маалыматтар бар.

“Техрик-е-Инсаф” партиясынын лидери Хан жана анын орун басары Куреши экөө тең учурда камакта. Алар айыпты четке кагып жатышат.

Мурдагы крикет жылдызы, 71 жаштагы Ханды Пакистанда колдогондор дагы эле көп. Ал быйыл августта кызматта отурганда келген белектерди сатып жиберген деген кине менен үч жылга камалган. Апелляциялык сот өкүмдү жокко чыгарган, бирок кийин Хан документ иштерине байланыштуу кайра камалган.

Бул иш боюнча сот 27-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Адвокаттардын айтымында, эгер күнөөлүү деп табылса, мурдагы министрлер 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG