Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Тажик бийлиги активисттердин жакындарын “жазалаганы” үчүн сынга кабылды


Берлинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго каршы акцияга чыккан активисттер. 29-сентябрь, 2023-жыл.
Берлинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго каршы акцияга чыккан активисттер. 29-сентябрь, 2023-жыл.

Норвегиядагы Хельсинки комитети Тажикстандын бийлигин оппозициячыл активисттердин жакындарына карата жасаган басымын сынга алды. Укук коргоо уюму билдиргендей, соңку эки аптада бийлик оппозиция өкүлдөрүнүн туугандарынын үйлөрүндө электр жарыгын өчүрүп салган.

Билдирүүдө бир катар мисалдар келтирилген. Бул фактыларды Европада бозгунда жүргөн активиcттер өздөрү да ырасташууда. Расмий Дүйшөмбү бул тууралуу комментарий бере элек.

"Тажикстандын бийлиги бозгундагы активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүн сотсуз эле жазалоо менен Евробиримдиктин ичиндеги фундаменталдык эркиндикке коркунуч келтирип, мыйзам үстөмдүгүнүн бардык принциптерин бузуп жатат. Мен Дүйшөмбүнү тажикстандык активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүнө басым жасоону дароо токтотууга чакырам”,-деди Норвегиядагы Хельсинки комитетинин башкы катчысы Берит Линдеман.

Ошондой эле уюм Тажикстанга өнөктөш болгон демократиялык мамлекеттерге кайрылып Дүйшөмбүнү бул аракеттери үчүн жоопкерчиликке чакырууга үндөдү.

Тажик оппозициясынын өкүлдөрүнүн жакындарына басым алар Берлинде президент Эмомали Рахмонго каршы акцияга чыккандан кийин башталган.

Human Rights Watch эл аралык уюму билдиргендей, Тажикстанда активисттердин 50дөй тууганы суракка чакыртылган.

XS
SM
MD
LG