Бишкекте мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт

Бишкек шаары, архивдик сүрөт.

Бишкек шаарында 25-27-октябрь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт.

Ошондой эле Кытайдын премьер-министри Ли Цян расмий сапар менен, ал эми монгол өкмөт башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жумушчу сапар менен келет.

Бул иш-чараларга байланыштуу шаардагы мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт. Ошондой эле бул күндөрү Бишкектин айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат.

Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары 23-октябрда башталып, 25-октябрда аяктайт.

Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цяндын расмий сапары 24-25-октябрь күндөрү болот.

Сапарлардын алкагында кыргыз бийлигинин башчылары менен жолугушуулар өтүп, бир катар документтерге кол коюлат.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңешке Кыргызстанда казино ачкан ишкерлер чакырылды Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга быйыл бюджеттен 817 миллион сом бөлүнгөнЖКнын комитети Түрк инвестициялык фондун түзүү келишимин жактырды Түлөбаев Улуттук банктагы алтынды бизнеске жумшоону сунуштады УКМК Свердлов райондук сотунун судьясы кармалганын кабарлады Еврошаркет-Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жолугат Бир катар уюмдар ак илбирске улуттук жаныбар макамын берүүнү сунуштады Газанын бийлиги 7-октябрдан бери 4651 адам набыт болгонун билдирди Иранда Махса Амини тууралуу жазган эки журналист аял соттолду