Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Жогорку Кеңешке Кыргызстанда казино ачкан ишкерлер чакырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 23-октябрда “Оюн-зоок иши жөнүндөгү” мыйзамга алымча-кошумча киргизүү долбоорун биринчи окууда карады, бирок чечим кабыл алууну кийинкиге калтырды. Анда баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова документте букмекердик контораларды, тотализаторлорду жана оюн автоматтарын казинолордун ичине гана жайгаштыруу тууралуу жобо жазылганын билдирди.

"Долбоор оюн-зооктун түрлөрүн бир жерге жайгаштырып, топтоштуруу максатында иштелип чыккан. Ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдүн майнаптуулугун жогорулатуу, инвестиция тартууга ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат. Оюн автоматтар залы, букмекердик конторалар жана тотализаторлор казинолорго жайгашууга тийиш. Бул кыргызстандык жарандардын оюн-зоок жайларына келишине тыюу салууну көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт",- деди Усенбекова.

Бир катар депутаттар долбоорго байланыштуу суроо берип, канааттандырарлык жооп болбогонун айтышты.

Депутат Камила Талиева документти кароону кийинкиге калтырууну, комитеттин келерки жыйынына Кыргызстанда казино ачкан эки ишкерди чакырууну сунуштады жана анын сунушу колдоо тапты.

Жыйында айрым депутаттар казино ачкан ишкерлердин аты-жөнү ачык жарыяланышы керектигин билдиришти, бирок өкмөт өкүлдөрү буга байланыштуу маалымат берген жок.

Өткөн айда кумаркана ачуу үчүн экинчи лицензия "Казино Кристал" ишканасына берилгени маалым болгон. Ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык, март айында каттоодон өткөн бул компания лицензия алуу үчүн 84 миллион сом төлөгөн.

Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, "Казино Кристалдын" жетекчиси катары Масалбеков Арсен Масалбекович көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрү болуп Үмөталиев Сүйүнбек Камчыбекович, Айткулов Назим Майрамбекович, Асанов Чубак Дамирович жазылган.

Ага чейин, биринчи лицензияны "Гранд казино" алган. Ал президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыккан. Бул казино жыл башынан бери 46 миллион сом салык төккөн.

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын башында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд. сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.

XS
SM
MD
LG