Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

УКМК Свердлов райондук сотунун судьясы кармалганын кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкектеги Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлады. Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысынын иликтөөнүн жүрүшүндө Ы.К.М инициалындагы адвокат дагы камакка алынганын маалымдады.

"Мурда маалым болгондой, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган. Ошол эле учурда, Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. бул баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алган фактысы аныкталган. Жыйынтыгында, 20-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. жана адвокат Ы.К.М. камакка алынды",-деп жазылган маалыматта.

УКМК өткөн аптада пара талап кылуу фактысы менен Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. жана анын консультанты менен жакын досу кармалганын билдирген. Ага чейин дагы коррупцияга шек саналып кармалган судьялар болгон.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардын кармалышы боюнча комментарий берип, “сот тармагы ыплас, кылмышкер судьялардан арылышы керектигин” билдирген. Ал буга чейин да сотторго бир катар эскертүү бергенин кошумчалаган.

Судьялар кеңеши 22-сентябрдагы жыйынында бир катар соттордун ишин карап, айрымдары тартип жазага тартылганын билдирген. Анын ичинде Башкы прокуратуранын Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушуна макулдук берилген. Бир катар судьяларга сөгүш жана эскертүүлөр берилгени кабарланган.

XS
SM
MD
LG