Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга быйыл бюджеттен 817 миллион сом бөлүнгөн


Быйыл жыл башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол койгон.
Быйыл жыл башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол койгон.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга өкмөттөн жалпысынан 1,5 миллиард сом каралган, анын 817 миллиону быйылкыга бөлүнүп, анын 617 миллиону пайдаланылган. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 23-октябрдагы жыйынында билдирди.

"Бюджеттен жалпысынан 1 миллиард 355 миллион сом каралган. Анын 817 миллионун быйыл сарптайбыз. Бүгүнкү күндө Камбар-Ата аянтына чейинки жол салынып жатат. Жумушчулар үчүн шаарча салынат. Андан сырткары тоннел менен көпүрө салынып жатат. Алына турган насыянын жалпы суммасы беш миллион доллар. Анын ичинде үч миллиону пайызсыз насыя, калган эки миллиону грант. Төлөө мөөнөтү 50 жыл, анын ичинен жеңилдетилген мөөнөтү 10 жыл",-деди министр.

Комитет аталган долбоорго Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан техникалык грант алуу маселесин карап, аны жактырды. Буга чейин энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу эки жылдай убакытты талап кыларын, алынган насыя ушул багытка жумшаларын билдирген. Анда ГЭСтин наркы болжол менен 4,5 миллиард доллар деп эсептелип жатканын маалымдаган.

Быйыл январь айында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол койгон. Мындан сырткары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдогон.

Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. Бул жагдайга байланыштуу талаш-талкуу чыгып, башкаруу Кыргызстанда калышы керек дегендер болгон.

XS
SM
MD
LG