УКМК Даниел Ажиевдин мамлекетке 44 млн сом которгонун четке какты

Даниел Ажиевди кармоо учуру. Июнь, 2023-жыл. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети веб-кам студияларды иштетүүгө айыпталган Даниел Ажиев мамлекетке өз ыктыяры менен 44 миллион сом берген деген маалыматты четке какты.

Мекеменин 17-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, атайын кызмат Ажиевдин кылмыштуу ишмердиги менен анын мүлкүн тактоо боюнча иш алып барган. Ажиев бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн тергөөгө 500 миң АКШ долларын мамлекетке которууну сунуштаган.

“Жыйынтыгында Ажиевдин аялынан 500 миң доллар акча алынып, тергөөнүн алкагында мыйзамда көрсөтүлгөн шартта камакка алынган. Ошол себептүү Ажиевдин өз ыктыяры менен мамлекеттик бюджетке акча которгону боюнча маалымат чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө Ажиев жетектеген веб-кам студияда 300дөн ашык “модел” иштегени, алардын арасында жакынкы чет өлкөнүн жарандары да бар экени айтылат. Ажиев бул мыйзамсыз иштен айына болжол менен 300 миң доллар таап турган. Кылмыш ишинин алкагында Ажиев менен кошо алты адам кармалып, экөөнө издөө жарыяланган.

УКМК тергөөнүн жүрүшүндө Ажиевдин кымбат баалуу автоунаалары жана батирлери камакка алынганын кошумчалады. Ага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп калганын, жакында сотко өтө турганын тактады.

Мунун алдында Даниел Ажиев мамлекетке 44 млн сом каражатты "демөөрчү катары" которгонун бир катар сайттар жазып чыккан.

Атайын кызмат Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. Анда ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттарда) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылганы кабарланган.

Даниел Ажиев өзү 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракет кылган жеринен кармалган. 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 27-сентябрда анын абактагы мөөнөтүн узартып, 29-ноябрга чейин камакта калтырган. Ал УКМКнын тергөө абагында жатат.

Ажиевге 2020-жылдын март айында социалдык тармактардагы сөзү үчүн “расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси менен иш козголуп, кармалган.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2020-жылы 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан психиатриялык диспансерге жөнөтүлүп, кийин эркиндикке чыккан.

Дагы караңыз

Польшадагы шайлоодо оппозициялык блок жеңдиБишкекте зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүүчү борбор ачуу маселеси көтөрүлдү Зулушев тартип сакталбаса, мамлекеттик иш-чараларда көкбөрү ойнолбой турганын айттыСаясатка жаңыдан келген 35 жаштагы Нобоа Эквадордун президенти болуп шайланды