Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08

Саясатка жаңыдан келген 35 жаштагы Нобоа Эквадордун президенти болуп шайланды


Эквадордо мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Даниель Нобоа шайланды. Башкы атаандашы Луиза Гонсалестен төрт пайыз добуш менен алдыга озгон 35 жаштагы Нобоа Эквадор тарыхындагы эң жаш президент болуп калды.

Нобоа саясатка жаңыдан эле аралашкан. Анын атасы, ири ишкер Альваро Нобоа беш жолу президенттик шайлоого катышып, уткан эмес.

Маалымат каражаттары жазгандай, жаңы мамлекет башчынын алдында биринчи кезекте коронавирус пандемиясынын кийинки экономиканы калыбына келтирүү жана Эквадордогу кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси турат.

Нобоа үгүт өнөктүгүндө саясатка жаштарды көбүрөөк тартып, жаштар үчүн жумуш орундарын түзүүнү убада кылган.

Бул жолку шайлоо өнөктүгү маалында президенттикке талапкерлердин бири, коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен таанылган Фернандо Вильявисенсио атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG