Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Бишкекте зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүүчү борбор ачуу маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаада зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга түрдүү жардам берүүчү борбор ачуу маселеси бүгүн, 17-октябрда Министрлер кабинетинин гендерлик өнүгүү кеңешинин отурумунда көтөрүлдү.

Отурумдун катышуучулары акыркы убактарда катталган кыз-келиндерге жасалган зомбулук окуяларды талкуулап, адам укугун коргоого багытталган 16 күндүк өнөктүктүн планын бекитишти. Ошондой эле Бишкекте зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам берүүчү борбор ачуу боюнча чечимдин долбоорун түзүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тапшырылды.

Адам укугун коргоого арналган 16 күндүк өнөктүк быйыл "Бириккиле" Кыздарга жана аялдарга зомбулукту токтотууга салым кошкула" деген лозунгдун алдында өтөт. Өнөктүк 25-ноябрда башталып, 10-декабрда аяктайт.

Бишкекте түрдүү зордук-зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге жардам берүүчү бир нече борбор иштейт. Алардын дээрлик бардыгы бейөкмөт уюмдар тарабынан ачылган

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG