Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Польшадагы шайлоодо оппозициялык блок жеңди


Польшадагы оппозицячыл "Жарандык платформа" кыймылынын жетекчиси, мурдагы өкмөт башчы Дональд Туск. 15-октябрь, 2023-жыл.
Польшадагы оппозицячыл "Жарандык платформа" кыймылынын жетекчиси, мурдагы өкмөт башчы Дональд Туск. 15-октябрь, 2023-жыл.

Польшанын Шайлоо комиссиясы добуштардын 100% санап бүткөндөн кийинки жарыяланган жыйынтыкка ылайык, вице-премьер-министри Ярослав Качиньский башында турган, бийликтеги «Укук жана адилеттик» партиясын шайлоочулардын 35,38% колдоду.

Экинчи орунга Польшанын мурдагы өкмөт башчысы Дональд Туск жетектеген, оппозициядагы «Жарандык платформа» кыймылы 30,7% добуш менен чыкты.

Андан тышкары оппозициядагы "Үчүнчү жол" жана "Жаңы солчулдар" партиялары добуштардын 14,4% жана 8,61% алышты.

Rzeczpospolita басылмасы жазгандай, "Укук жана адилеттик" партиясы парламентте 197 орунга, "Жарандык коалиция" 157, "Үчүнчү жол" 65, "Жаңы солчулдар" 26 орунга ээ болот.

Бул деген бийликтеги партия Сеймдеги көпчүлүк орунга ээ боло албай калды дегенди билдирет. Саясий эксперттердин эсебинде "Жарандык платформа" башка оппозициячыл партиялар менен бирге коалиция түзүп, өкмөт куроого мүмкүнчүлүк алат.

Оппозиция азыркы өкмөттү бийликти өз колуна топтоп алганы, оппозиционерлерди жана журналисттерди куугунуктаганы, евроинтеграциядан баш тартканы үчүн айыптап келген.

«Укук жана адилет» партиясы Евробиримдиктин миграция саясатын, «поляктарга жат баалуулуктарды», анын ичинде ЛГБТнын укуктарын коргоону таңуулаганын сындап жүрөт.

XS
SM
MD
LG