"Медиа Полиси Институту” уюмунун юристтери "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунда коомчулуктан түшкөн сунуштар эске алынбаганын айтып чыкты. Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгы айтылган сын-пикирлер Экономика министрлигинде экспертиза учурунда караларын билдирүүдө. Ар арада Венеция комиссиясы бул документтин "кесепети оор" болорун эскертти.
13-октябрда "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү. Бирок аны чагылдыруу үчүн келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.
Жумушчу топтун мүчөсү, "Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Нурбек Сыдыков Маданият министрлиги менен Юстиция министрлиги мыйзам долбоору боюнча коомчулуктан түшкөн сунуштарды эске албаганын айтып жатат:
"Кимден сунуш пикирлер анализге түшкөн болсо, алардын сунушун эске алуу же албоо тууралуу чечим чыгыш керек болчу. Бирок ал боюнча иш алып барылган жок. Бир нече медиа каражаттардан, уюмдардан сын-пикирлер түшкөн болчу. Ал дагы каралган жок. "Баары башка стадияда каралат, азыр карай албайбыз" деп жумушчу топ өзүнүн ишин толук аткарган жок деп эсептесек болот".
“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун былтыр ноябрда президенттик администрация сунуштаган. Бул мыйзам өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү болгондуктан, аларга кандай таасири тиери алдын ала анализденип чыгышы керек болчу. Буга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча 26-сентябрда атайын жумушчу топ түзгөн.
Дагы караңыз Сөз эркиндигинин эртеңи: бийликке жакпаган көз карандысыз медиа"Акылга сыйбаган иш"
20 адамдан турган топко көпчүлүгү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирип, үч гана адам медиа коомчулуктан толукталган. Алардын бири, "Журналисттер" коомдук уюмунун төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков бул жумушчу топту отчёт үчүн эле түзүлгөн деп сыпаттады:
"Негизи иштин баары концепциядан башталат. Атайын өкмөт бекиткен методика бар. Ал методика боюнча биринчи укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоодон баштайт. Себеби редакциялар - чарбалык уюмдар, бул мыйзамдын алкагында алардын иштөө шарты өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан биринчи таасирин талдоодон башташы керек болчу. Ошол жерде медиа сектордун өкүлдөрү оюн айтышы керек эле. Анан ошол ойлордун баарын жыйнап туруп, мыйзам долбоорун иштеп чыгат, андан кийин коомдук талкууга коёт. Бул жерде болсо араба алдында, ат артында туруп калды. Эми булар мыйзамдаштырып коёлу, эртең доомат болбосун, талдоосу жок экен дебесин деп жатат. Бирок талдоонун методикасы, этабы бар. Булар талдоону концепцияга тууралап бергиле деп жатат. Бул акылга сыйбаган иш".
Дүйшөнбековдун айтымында, долбоорго байланыштуу нааразылык, ой пикирлер кагаз жүзүндө сунушталган. Анда өкмөт тарабынан бекитилген "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик-укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына" ылайык бир катар талаптар аткарылбаганы жазылган.
Маселен, мыйзам долбоорун иштеп чыккан президенттик администрациянын өкүлү жумушчу топко кошулган эмес. Ошондой эле 24.кж, "ПроМедиа Плюс", "Медиа полиси институту" жана Акыйкатчынын аппараты берген сунуштар аналитикалык чечимге камтылган эмес. Кызыкдар тарап болгон жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүлбөгөнү жана бир катар эрежелер бузулганы жазылган.
Дагы караңыз Сөз эркиндиги: миллиондук доо, абак жана күрөшМаданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева чынында эле айрым эрежелер сакталбаганын, бирок алар кийинки этапта караларын билдирди:
"Ооба, чынында эле айрым жерлеринде эреже сакталбай калды. Бирок айтылган сындардын баары кагазга түшүрүлөт. Аны Экономика министрлигине экспертизага жөнөтөбүз. Жол-жобосу ушундай. Экономика министрлиги экспертизанын корутундусун бизге берет, биз аны президенттик администрацияга жөнөтөбүз. Жумушчу топко президенттик администрациядан эч ким кирген жок".
Ошол эле маалда мыйзам долбоорун талдоого чогулган жумушчу топто Акыйкатчынын өкүлү жана Санарип өнүктүрүү министрлигинин өкүлү да өз сунушун берген.
Азыр ЖМК ишмердигин көзөмөлдөө укугу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берилген. Жаңы долбоорго ылайык, бул укук дагы эки мамлекеттик мекемеге (Юстиция жана Санариптик өнүгүү министрликтерине) берилет.
Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз пикирин эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.
Ошондой эле бир катар медиа уюмдун өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорунун 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн айтып чыккан.
Медиа-эксперт Тамара Валиева бийлик ЖМК мыйзамын кабыл алуу менен өлкөдө эркин медиаларды жок кылгысы келет деп эсептейт:
"Ушул мыйзам кабыл алынса, сөз эркиндиги дегенди унутабыз. Мисалы, азыр Орусияда сөз эркиндиги жок да. Бизде андан дагы жаман болот. Анткени аларда интернет порталдар каттоодон каалагандары өтөт. А бизде болсо баары өтөт деп жатат. Эгер катталбасаң, иштей албайсың. Бул мыйзам орустукунан ашып кетти. Кыргызстанда көз карандысыз ЖМК болбосун дегенге эле алып баратат".
Бул мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратарын айтып, бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бул мыйзамды өзгөртүү учур талабы экенин, долбоорду даярдоого жарандык коомдун өкүлдөрү катышканын билдирген эле.
Венеция комиссиясынын эскертүүсү
7-октябрда Европа кеңешинин конституциялык укук боюнча кеңеш берүүчү органы же Венеция комиссиясы Кыргызстандагы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбооруна байланыштуу корутундусун жарыялады. Анда бул долбоордун бир катар беренелери жарандардын “сөз эркиндигине болгон укугунун бузулушуна” жол ачары жана “медиа каражаттары үчүн оор кесепеттерге” алып келери белгиленген.
Маселен корутундунун авторлору жалпыга маалымдоо каражаттарын “жарандардын жеке жашоосуна кийлигишүү, алардын ар-намысына жана кадыр-баркына, ишкердик беделине шек келтирүү үчүн” колдонууга тыюу салган беренеге тынчсыздануусун билдиришкен. Алар бул берене иликтөөчү журналисттерге коррупциялык схемаларды ачып чыгууга тоскоолдук жаратышы мүмкүндүгүн эскерткен.
“Медианын башкы милдеттеринин бири – коррупцияны ашкерелөө. Бул милдет мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктары менен тикелей байланышкан”, - деп айтылат корутундуда.
Ошондой эле Венеция комиссиясы мыйзам долбоорундагы жашыруун же мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды таратууга чектөө койгон жоболор журналисттердин өз милдетин аткарышына кедергисин тийгизет деп эсептейт.
Корутундуга ылайык, айрым жарандарга, анын ичинен чет өлкөнүн жарандарына Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын ачууга чектөө койгон жобо сөз эркиндигине жана медиа айдыңынын көп түрдүүлүгүнө шек келтириши мүмкүн.
Авторлордун пикири боюнча, мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк мезгилдүү басылмалар өз продукциясын Кыргызстанда таратуу үчүн Юстиция министрлигинен уруксат алууга милдеттендирилгени менен, министрлик кандай шартта буга уруксат берери же бербей коёру документте так жазылган эмес. Венеция комиссиясы мындай жоболор иш жүзүндө цензурага жол ачышы мүмкүндүгүн белгилеп, Кыргызстандын Конституциясында цензурага тыюу салынганын эске салган.
“Эгер эле демократиялык багытка шек келтиргендей деңгээлде кыянат пайдаланылбаса жана/же монополияга айланбаса, чет өлкө жаранынын маалымат каражаты сыяктуу мүлккө ээ болушу коомго коркунуч келтириши мүмкүн эмес”, - деп айтылат корутундуда.
Венеция комиссиясы маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартиби эл аралык стандарттарга каршы келбегенин өз корутундусунда белгилегени менен, каттоого байланыштуу ашкере талаптар бар экенине көңүл бурган. Маселен, онлайн ресурстар үчүн журналисттик материалды жайылтуу аймагын так аныктоо кыйын экенин, кокус алардын маалыматы адеп көрсөтүлгөн аймактан башка жерде таратылып калса, ал медиа каттоосунан ажырап калышы мүмкүндүгүн белгилеген.
Корутундуда журналисттер аккредитациядан өткөндөн кийин гана иштей алары тууралуу талапка да көңүл бурулган. Авторлор мыйзам долбоорунда аккредитациянын эрежелери жана ал кандай учурда жокко чыгарылары так аныкталбаганы белгилеген.
Бул сыяктуу талаштуу жагдайлардан улам корутундунун авторлору кыргыз бийлигин “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга чакырышкан.
Баш кеңсеси Франциянын Страсбург шаарында жайгашкан бул комиссия мыйзам долбоорун Кыргызстандын юстиция министри Аяз Баетовдун кайрылуусунун негизинде талдап чыккан. Корутунду Чехия, Исландия, Италия жана Нидерланддагы төрт эксперттин пикиринин негизинде түзүлгөн.
Венеция комиссиясына чейин Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Медиа эркиндиги боюнча өкүлүнүн бюросу жана Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу да Кыргызстандагы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу укуктук анализин жарыялаган. Анда документтеги маалымат каражаттарын каттоо сыяктуу бир катар жоболор “олуттуу тынчсыздануу” жаратары белгиленген.
"Сөз эркиндигинин абалы оор"
Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы Варшавада өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Адамдын өнүгүүсүнө арналган конференциясында да талкууланган.
Дагы караңыз Варшава жыйыны: сөз эркиндигинин абалы, "Клооптун" сотуЖурналисттик иликтөөлөр фондунун аткаруучу директору Гладис Темирчиева аталган конференцияда сөз сүйлөп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылганын, көз карандысыз маалымат каражаттарына басым болуп, "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун ишке киргизүү боюнча активдүү иш жүрүп жатканын айткан.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Майкл Козак бүткүл Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы оор бойдон калып жатканын билдирген.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
Бирок кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.