Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

"Орусиядан көчүрүлгөн жана аткаминерлерди жактайт". Кооптондурган ЖМК мыйзамы


Кыргызстандагы журналисттер.
Кыргызстандагы журналисттер.

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү бүттү. Документ жакынкы аралыкта парламенттин тармактык комитетине киргизилиши мүмкүн.

“Медиа Полиси Институту” уюму президенттик администрация даярдаган бул мыйзам долбоорунун бешинчи редакциясына талдоо жүргүзүп, ал Баш мыйзамга жана эл аралык келишимдерге каршы келерин билдирди.

"ЖМКны жаап салуу мүмкүнчүлүгү жогору"

“Медиа Полиси Институтунун” билдирүүсүндө долбоордун буга чейинки редакцияларында жумушчу топ менен бирге ар бир берене боюнча деталдуу талкуу жүрбөгөнү, президенттик администрация эркин медиалардын ишмердигине тобокелчилик жарата турган нормаларга көңүл бурбай келгени жазылган. Жумушчу топтун сунуштары эске алынбай калганы белгиленген.

Билдирүүдө мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы эркин жалпыга маалымдоо каражаттарына басым жасай турган олуттуу укуктук курал болуп калышы мүмкүн экени айтылат. Фонд мамлекеттик мекемелер бул мыйзам менен “жактырбаган” ЖМКларды каттоодон баш тартууга укук алат” деген тынчсыздануусун билдирген.

“Медиа Полиси Институту” жазгандай, долбоордун жаңы редакциясына ылайык, медиага тиешеси жок коммерциялык багыттагы веб-сайттар дагы ЖМК катары каттоодон өтүшү керек. Каттоодон өтпөгөндөр өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп, маалымат тарата албайт. Долбоордун авторлору сайтты каттоого алуунун механизмдери так көрсөтпөгөнү жана провайдерлердин мүмкүнчүлүктөрүн эске албаганы да жазылган.

Аталган фонддун юристи Нурбек Сыдыковдун айтымында, ЖМКлардын ишин жөнгө салууда Юстиция министрлигинен, Санарип өнүктүрүү министрлигинен жана прокуратурадан келе турган “эскертүү” түшүнүгү кирген. Бирок ал эч жерде түшүндүрүлгөн эмес. Мыйзам долбоорунун автору ЖМКнын ишмердигин токтотууда текшерүү-көзөмөл укугуна ээ үч мамлекеттик органды аныктаганы менен, алар кандай шартта иштей турганын тактаган эмес.

Нурбек Сыдыков.
Нурбек Сыдыков.

"Каттоодо көптөгөн тобокелдиктер бар. Ошол жерде көрсөтүлгөн беренелерде өтө эле түшүнүксүз нормалар камтылган. Кээ бир учурда каттабай койгонго же катталгандан кийин аны жокко чыгарып койгонго кеңири укук берилген. Соттун чечими менен да ЖМКны жаап салуу мүмкүнчүлүгү жогору. Жумушчу топ "одоно мыйзам бузган учурда гана" деп көрсөткөнгө карабастан, долбоордун авторлору "мыйзамда көрсөтүлгөн ченемдер бузулса" деп калтырган. Бирок кайсы беренелер, ченемдер бузулганда жоопкерчиликке тартылары ачык көрсөтүлгөн эмес".

Бул бийликке ыңгайсыз учурда "белгисиз же бүдөмүк ченемдерди" көрсөтүп, жаап койгонго жол ачышы ыктымал деген кооптонууну жаратат.

Азыр ЖМКлардын ишмердигин көзөмөлдөө укугу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берилген. Жаңы долбоорго ылайык бул укук дагы эки мамлекеттик мекемеге (Юстиция жана Санариптик өнүгүү министрликтери) берилет.

“Медиа Полиси Институтунун” талдоосунда соңку редакцияга журналисттерди аккредитациялоо түшүнүгү да киргени жазылган. Бул сунуш ишке аша турган болсо, “кайсы бир мамлекеттик мекеменин имаратына же иш-чараларына катышууда эркин журналисттерге чектөө көбөйөт” деп айтылат.

"Журналист деп катталган ЖМКда иштеген адамды гана таанып жатат. Ал катталган гана маалымат каражатына маалымат берет, башка үчүнчү жакка берүүгө мүмкүнчүлүгү жок деп көрсөтүлгөн. Мындан сырткары каттоосу бар ЖМК аккредитациядан өтө алат. Аккредитация жок болсо, ал мекемедеги иш-чараларга катыша албайт. Бешинчи вариантта ушундай кооптуу нормалар кирип калды. Мындан сырткары биз эле эмес, Юстиция министрлиги "Баш мыйзамга карама-каршы келип калат экен, кайрадан карап чыгышыңар керек" деп көптөгөн беренелерине сунуш-пикирлерин берген. Биз ыйгарым укуктуу органдар Юстиция жана Маданият министрлигинин сунуштарын окуп, эске алынат деп үмүттөнгөнбүз. Тилекке каршы, булар эске алынган жок. Мисалы, чет элдик жаран ЖМК ача албайт деген нормага Юстиция министрлиги "Кыргызстанда алар деле Кыргызстандын жаранынындай укукка ээ, бул эмнеге чектелиш керек" деген маселени койгон. Маданият министрлиги дагы "Веб-сайттарды сөзсүз түрдө каттоого ала турган болсо, Кыргызстандын домендик аймагынан чыгып же социалдык тармактарга өтүп кетиши мүмкүн, бул медианы мониторинг кылып, талдап турууда татаал болот" деген корутундусун берген. Ал деле эске алынган жок", - деди Нурбек Сыдыков.

Ойго салган жоболор

Мындан сырткары долбоордун 52-беренесинде коомдук кайрылуулар деп санала турган так жайлар көрсөтүлгөн. Буга комитеттердин жыйындары, убактылуу комиссиялардын, фракциялардын, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин жыйындары, курултайдын делегаттарынын кайрылуусу, конференциялардагы, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын пленумдарындагы жана маалымат жыйындардагы кайрылуулар кирет. Эми президенттин же парламентарийлердин социалдык тармактардагы баракчаларына жазган билдирүүлөрү ЖМКларды жоопкерчиликтен куткарбайт.

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго камтамачылыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон.

"Медиа Полиси Институтунун” мыйзам долбоору тууралуу талдоосу боюнча мыйзамдын демилгечиси - президенттик администрация комментарий бере элек.

"ПолитКлиника" басылмасынын редактору, журналист Дилбар Алимова сунушталган мыйзамдын долбоорунда бийликке "ыңгайсыз" медиаларды каттабай коюу механиздери көп деп эсептейт.

Дилбар Алимова
Дилбар Алимова

"Бир эле аталыштагы бир эле медиа болуш керек деген норма бар. Мисалы, бизге чейин бирөө "ПолитКлиника" деп каттап койсо, мени андай аталыш менен каттабайт экен. Медианын бюджетинин 50% жогорусу эл аралык уюмдардан алган гранттар түзө турган болсо, алардын негиздөөчүсү автоматтык түрдө чет элдик жаран болуп эсептелип, аны каттоодон өткөрбөй коюуга жол ачылат. Андан сырткары Орусиянын мамлекеттик финансылык көзөмөл мекемесинин функциясындай Санарип министрлиги аркылуу сайттын ишмердүүлүгүн чектеп коюу механизми бар. Техникалык жактан өтө оор талаптар коюлуп жатат. Маалымат тараган аймакты көрсөтүү керек экен. Азыр сени кайсы жактан, канча киши окуп жатканын аныктоо мүмкүн эмес. Бүгүн окуса, эртең окубай коюшу мүмкүн. Ар бир материалдын негиздөөчүсү, канчанчы чыгарылышы, дарегинен бери көрсөтүп туруш керек экен. Өздөрүнө лоялдуу болгон ЖМКны каттап, калгандарына уруксат бербей коюу коркунучу бар".

Мыйзам долбоору бийликтин позициясын гана коргойбу?

Жумушчу тобунун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков мыйзам долбоору бийликтин гана позициясын колдогонун, бир тараптуу болуп калганын айтты. Ал мыйзам долбоорундагы медианын ишин бөгөттөгөн, журналисттик иликтөөгө тоскоол жараткан жагдайларга токтолду:

"ЖМК мыйзамынын 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн. Ошентсе дагы ал жакта милдеттүү турдө каттоодон өт деген норма жок. Дүйнө жүзүндө жок норманы бизге киргизип, тоталдык көзөмөл кылып койду. Ошол эң негизги тобокелчилик деп эсептейм. Журналисттик иликтөөнү, фактчекти такыр жокко чыгарган нормалар бар. Мисалы, кандайдыр бир аткаминер жөнүндө материал топтоюн десеңер, андан уруксат алыш керек. "Паракорлук боюнча материал жасап жатам, сиз жөнүндө тартсам болобу" деп уруксат сураш керек экен. Албетте, эч ким уруксат бербейт, анда журналисттин эмне кереги бар, түшүнүксүз. Аткаминерлерди жактаган нормалар көп. Аларды сындаганга болбойт, кол тийбестиги болуш керек, журналисттер кийлигишөөсү керек дегенди өзүнчө категорияга чыгарган. Тескерисинче, бюджеттин акчасына тиешеси бар, элдин салыгына жашап жаткан аткаминерлер сынга даяр болуп, сындын бутасында болуш керек эле. Дүйнө жүзүндө ошондой. Анткени алардын жоопкерчилиги жөнөкөй жаранга караганда эки-үч эсе чоң. Негизи бул мыйзам журналисттерди колдоо үчүн эмес, ишин чектеп, бөгөттөгөн, колу-бутун байлап, оозун жапканга алпарган мыйзам. Бул Конституцияга дагы, Кыргызстан кол койгон эл аралык конвенциялардын бирине дагы дал келбейт ", - деди журналист.

Кыргызстандын медиа коомчулугунун өкүлдөрү жана жарандык активисттер 13-июнда Бишкекте өткөн талкууда президент Садыр Жапаровго кайрылып, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл албоого, аны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумуш тобунун ишин үзгүлтүккө учураткан кызматкерлерди жоопко тартууга чакырышты.

Ага кол койгондор Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылып, кеп болуп жаткан эки мыйзамга каршы добуш берүүгө чакырышты.

Алар эл аралык өнөктөштөрдү мындай репрессиялык мыйзамдар өлкөнүн милдеттенмелерине каршы келерин, кызматташуу жана жардам көрсөтүү программаларына, Кыргызстандын укуктук, демократиялык аброюна да терс таасир тийгизерин ачык айтууга үндөштү. Ушул эле жыйында сөз сүйлөгөн БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве бейөкмөт уюмдар аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырып жаткан маанилүү күч экенин, туруктуу өнүгүүгө умтулган өлкөдө басма сөз эркин болушу зарылдыгын айткан.


Президенттик администрация иштеп чыккан мыйзамдын долбоору парламенттин кароосуна качан берилери азырынча белгисиз. Ага чейин эреже боюнча айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, Юстиция министрлигинин, Конституциялык соттун жана Венеция комиссиясынын корутундусу алынышы керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мыйзам кабыл алынса, айрым ЖМКлар жабылып калуу коркунучунда экенин белгиледи.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Бизде ансыз деле толук сөз эркиндиги жок, факт түрүндө ушундай эле болуп калды. Бул мыйзам долбоору колдоо табат деп ойлойм. Анткени Жогорку Кеңеште ушундай мыйзамдарды колдогон депутаттар өтө көп болуп калды. Мыйзам кабыл алынса, кээ бир ЖМКлар жабылып калышы ыктымал, айрымдары курч маселелерди көтөрбөйт, этияттап жазып калышат. Өздөрүн цензуралай баштайт".

Мыйзам долбоорун жактагандардын жүйөсү

“Кыргызстандагы сөз эркиндигинин конституциялык кепилдиктери жана азыркы кырдаалы” деп аталган жана Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы уюштурган жыйында депутат Айбек Осмонов көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, бир жактуу гана маалымат бере берген жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жабылып калышы мүмкүн деген пикирин билдирген.

Депутат сөз эркиндигинен пайдаланып “аша чапкандар да бар” болуп жатканын айтып, андайларга “укук тартибин коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканына кошуларын” белгиледи жана “мыйзам чегинде иштеп жаткандарга андай мамиле жасабаш керек” деген.

“Бизде ЖМК чаржайыт болуп кеткен. Билгени да, билбегени да көптөгөн маалыматты таратып жатышат. Эл күлбөй калды. Негатив жана негатив... Биздин мамлекетте сөз эркиндиги жетиштүү. Аша чапкандарды эле тартипке чакыруу керек. Негативди токтотуш керек. Эгерде ЖМК бир түрдүү боло бере турган болсо, келечекте жабылып да калышы мүмкүн. Ар түрдүү болуш керек”.

Быйыл январда "Чек арасыз кабарчылар" (CPJ) жана алты өнөктөш уюм Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго "басма сөз эркиндигине кысым күчөп жатканына" байланыштуу жолугуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Анда “Азаттык” радиосунун жагдайы да сөз болгон.

Аталган уюм 27-апрелде "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине да тынчсыздануусун билдирген.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун майда жарыяланган басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

XS
SM
MD
LG