Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

"Чет элдик өкүл": комитет талаштуу долбоорду биринчи окууда кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бир нече мезгилден бери жарандык коом менен эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан бул демилгени депутат Надира Нарматова коргоп, жыйынга катышкан беш депутат колдоп добуш берди.

Бейөкмөт уюмдардын саясий процесстерге катышуусун чектеп, ашыкча көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөн мыйзам долбоору жарандык коомго кезектеги сокку катары бааланууда. Жарандык лидерлер мындай демилге Кыргызстандын демократиялык аброюна көлөкө түшүрүп, Орусиянын жолоюна түшкөнүнүн белгиси деп баалашууда.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн, 3-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда кабыл алды. Жыйынга беш депутат, жарандык коомдун өкүлдөрү, юристтер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын башында сөз берилген депутат, документтин автору Надира Нарматова сегиз мүнөттүк видео көрүүнү сунуштады.

Анда бейөкмөт уюмдарды, алардын ишмердүүлүгүн бир тараптуу каралаган маалыматтар камтылган.

Нарматованын жүйөсү

Нарматова мыйзам аркылуу "өлкөнүн бүтүндүгүн, стабилдүүлүктү жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого" аракет көрүлүп жатканын айтты:

Надира Нарматова
Надира Нарматова

"Бул бүтүндөй эгемендүү мамлекеттин кызыкчылыгын, өзгөчө өлкөнүн коопсуздугун көздөгөн мыйзам долбоору болуп эсептелинет. Бизде 30 жыл аралыгында үч жолу төңкөрүш, бийлик алмашуу болду. Ошолордун баарын изилдеп, саясий, экономикалык көз караштан караганда бизде сырттан каржыланган бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын салымы чоң. Көптөгөн демократиялуу өлкөлөрдө мыйзам бүгүнкү күндө иштеп атат. Владимир Путин өз сөзүндө "биз Американын мисалында биз кабыл алууга биз мажбурбуз. Себеби Америкада өзүндө кабыл алып, тартипти орнотуп, мамлекеттик көзөмөлдү жасап атат. Ошондуктан биз эмне үчүн киргизбейбиз?", - деди ал.

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков чет өлкөдөн келген каржылык колдоолор мамлекет үчүн иштеп, чоң долбоорлор ишке ашып атканын айтса, Искендер Матраимов Нарматова көрсөткөн бейөкмөт уюмдарды жамандаган сегиз мүнөттүк видео айрымдар арасында "келген акчанын баары митингдерге кетет" деген жаңылыш түшүнүктү пайда кылганын белгиледи.

"Баш мыйзамга ылайык иш жүрүш керек"

Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү, депутат Алишер Эрбаев Конституциянын беренелери сакталышы керектигин айтты. Эрбаев ошондой эле так иштей турган, коомчулукка бүдөмүк салбаган мыйзамды алып келүү зарылдыгын кошумчалады.

Алишер Эрбаев
Алишер Эрбаев

"Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат" дегендей принциптен алыс болушубуз керек. Баш-аягы 29 миңден ашык бейөкмөт уюмдарды тартипке алып келиш керек, туура. Тартип болмоюнча коомдо өсүү болбойт. Бирок коомчулукка айтып коюшубуз керек, бейөкмөт уюмдардан келген каражаттар революция, кандайдыр бир ЛГБТларга эмес, ошол эле Саламаттык сактоо министрлигине ВИЧ/СПИД, наркомания менен күрөшүүгө деп канчалаган акчалар келип атат. Ички иштер министрлигине ОБСЕ аркылуу миллиондор каралып атат, Американын Улуттук демократиялык институту Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн каржылап, биздин иш сапарларыбызды, коомчулук менен жолугушуу жана башкасын каржылап берип атат".

Мамлекеттик органдарда бул мыйзам долбоор боюнча пикир кылка эмес. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков долбоордун концепциясы менен макул болгону менен бир катар мыйзамдарга каршы келген пункттар бар экенин эскертти.

"Коммерциялык эмес уюм дегенде биз бүгүнкү күндө коомдук бирикме, коомдук фонд жана жеке менчик түрүндө түзүлгөн мекемени, юридикалык жактардын бирикмесин түшүнөбүз. Бул 1999-жылдагы "коммерциялык эмес жөнүндөгү" мыйзамдын биринчи беренесинде. Ошол эле биринчи беренеде жазылып турат, пайда табууну көздөбөй, агартуу, маданият, социалдык тармакта түзүлөт. Алар эч кандай саясий багытта түзүлбөйт. Саясий багытта түзүлүүчү саясий партиялар жана башкалар деп турат. Бизде жети облуста башкармалыктарыбыз бар. Каттоого жыл сайын 18-20 миң юридикалык жактар келет. Катталып келип атат азыр деле, коммерциялык уюмдар алты сааттан беш күнгө чейин каттоодон өтө алат".

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта жарандык коом, бейөкмөт уюмдар өтө активдешип, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдөн саясий кризистерди чечүүдө чоң ролду ойноп келет. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 22 миңден ашык бейөкмөт уюм расмий каттоодон өткөн.

Алардын 6000ден ашууну коомдук фонддор, 8000ден ашууну коомдук бирикме. Каттоодон өткөн уюмдардын 500гө чамалуусу гана активдүү иш алып барат.

Талкуу учурда юрист Таттуубүбү Эргешбаева коммерциялык эмес уюмдардын иши "ачык-айкын эмес каражаты тууралуу отчет бербейт" деген сөздөрдү четке какты.

"Азыркы мыйзамдардын негизинде коммерциялык эмес уюмдар жабык түрүндө үч отчет тапшырат.

Таттуубүбү Эргешбаева
Таттуубүбү Эргешбаева

Алар биринчиден, Салык кызматына, экинчиси Социалдык фондго жана Статистика комитетине тапшырат. Андан сырткары бейөкмөт уюмдар өзүнчө ачык отчет берет. Ар уюмдун эсеп-кысабы канча болду деген маалыматты Салык кызматынын сайтынан тапса болот. Дээрлик бардык коммерциялык эмес уюмдардын эсеп-кысаптары накталай эмес формада банк аркылуу жүргүзүлөт. Ошонун баарын Финансылык чалгын кызматы тыкыр карап турат. Эгерде мыйзам бузуу болсо кылмыш жоопкерчилигине тартканга чейин барышат".

Азыркы мыйзамдарда “коммерциялык эмес уюм” түшүнүк бар, ага өлкө ичинде түзүлгөн бейөкмөт уюмдар, фонддор, ассоциациялар жана башкалар кирет. Эми буга кошумча “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” түшүнүгү киргизилип, Кыргызстандын сыртында түзүлгөн бардык уюмдар ушул топтун катарында каралат. Алар филиалын ачып, иштей берет. Ошол эле маалда алардан акча алып иштеген жергиликтүү уюмдар чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу болуп калат. Демек, кыргызстандык уюмдар да чет элдик уюм болуп калат.

Депутат Нарматованын аракети кандай максатты көздөйт?

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүп, "чет элдик агент же өкүл" деп табуу аракетин Надира Нарматова бир нече жылдан бери аракет кылып келет. Буга чейин бул демилгени анын пикирлеши экс-депутат Турсунбай Бакир уулу көтөрүп, бирок ал учурда кабыл алынган эмес.

Нарматова буга чейинки чакырылыштарда депутат кезинде баштаган демилгесин бул жолу аягына чыгарууну көздөгөндөй.

65 жаштагы Надира Нарматова кесиби боюнча мугалим. Бирок эмгек жолунда коммунисттик партиялык кызматтарда көп жыл эмгектенген. Эгемендик жылдардына Алайда мектеп директору, Алайдын акиминин орун басары кызматын аркаласа, кийинчерээк жеке ишкерликке өтүп, тигүү цехтерине ээлик кылган. Саясатка жолу 2010-жылы башталып, "Ата Журт" партиясынан депутаттыкка шайланса, 2020-жылы "Ата Журт-Кыргызстан" партиясы менен экинчи жолу эл өкүлү болду.

Жарандык коомду ар дайым сындап, антидемократиялык, консервативдик демилгелери менен белгилүү. Депутаттык ишмердигинин бир бөлүгүн да жарандык коомду чектөөгө арнап келе жатат.

Жарандык коомду жериген демилгенин таржымалы

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары каттап, көзөмөлдү күчөтүү аракети беш-он жыл мурда башталган.

2012-жылы Орусия “Чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ошондон тартып “сырттан каражат алган” же “башка өлкөлөрдүн таасири менен иштеген” жарандарга жана бейөкмөт уюмдарга “чет элдик агент” деген макам тагыла баштаган.

Мындан бир жылдан кийин – 2013-жылы Кыргызстанда да ошондой аталышта мыйзам сунушталган. Ага алгач депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев автор болушкан. Кийин аларга Надира Нарматова кошулган.

Документти изилдеген “Адилет” укуктук клиникасы кезинде ал толугу менен Орусиянын тиешелүү мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктап чыккан.

Ошентип 2015-жылы парламенттин бешинчи чакырылышы тарап, долбоорду 2016-2017-жылдары алтынчы чакырылыш эки окууда жактырат. Бирок мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынбай калган.

Деген менен алтынчы чакырылыштын тушунда дагы башка мыйзам чыгат. 2019-жылы Бактыбек Райымкулов баштаган сегиз депутат өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган.

Анын аталышында “агент”, “тыңчы” деген сөздөр жок болчу. Бирок жалпы мааниси жогорудагы документтерге окшош эле. Тагыраагы, ал коммерциялык эмес уюмдардан кошумча финансылык отчёт алып, анда иштегендердин киреше-чыгашасын ачык жарыялоону максат кылган.

Сегиз депутаттын бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзамы анда аягына чыкпай калып, 2021-жылы Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы кабыл алды. Жарандык коомдун сын-пикирине карабай, ага президент Садыр Жапаров ошол эле жылы кол койгон.

Дагы бир жылдан соң, 2022-жылы депутат Надира Нарматова кайрадан жаңы мыйзам сунуштады. Мунусунда ал сырттан каражат алган уюмдарды “чет элдик өкүл” деп атоону демилгеледи.

Адистер депутат Нарматованын жаңы мыйзамы анын мурдагы “чет элдик тыңчы” мыйзамы менен куюп койгондой окшош экенин, болгону андагы “тыңчы” сөзү “өкүл” деген сөзгө алмаштырылганын билдиришкен.

“Адилет” укуктук клиникасы аталган документ Орусиянын “тыңчылар” тууралуу мыйзамы менен 98% окшош экенин аныктап чыккан.

Жарым жылдык коомдук талкуудан кийин депутат Надира Нарматова сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилген. Башында ал өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок айрымдары "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартканы айтылган. Алардын катарында Шайырбек Ташиев, Нурбек Алимбеков, Максатбек Сарбагышев, Айгүл Айдарова, Лейла Лурова, Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазовдун аттары аталган.

Былтыр президенттин адмиинистрациясы да “Өкмөттүк эмес уюмдар ” тууралуу долбоор алып чыгып, анда “чет элдик өкмөттүк эмес уюм” деген термин киргизүү каралган. Ал документ коомчулуктун сынына кабылган соң, жумушчу топ түзүлүп, жеткире иштеп чыгууга жиберилген.

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору тиешелүү комитетте 3-октябрда биринчи окууда кабыл алынганы Орусиянын президенти Владимир Путиндин кийинки аптада боло турган Бишкек сапарына туш келди. Активисттер муну Путинге белек катары баалап жатышат. Саясат талдоочу Алмаз Тажибайдын сөзүн угалы:

"Бизге коңшу өлкөлөр авторитардык режимде жашайт. Ошол эле Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай өңдүү мамлекеттер мына ушундай тартипте иш алып барат. Биз аларга жагынуу катары "биз да силерге окшошпуз" дегендей кылып, мыйзамдарынын көчүрмөсүн алып келип атышат, көчүрүү оңой да. Экинчи жагынан караганда, депутаттар өз электоратына отчет берүү иретинде ушундай иштерди жасап, көзгө көрүнгүсү келет. Аз күндө Кыргызстанга Владимир Путин келет. Анын делегациясынын арасындагылар депутаттар менен жолугат, пикир алмашат. Ошондо Нарматова өңдүү депутаттар алардыкына окшош мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын айтат. Муну менен Кыргызстан Батышка каршы чыгып атканын, Орусия менен экенин түшүндүргүсү, белги бергиси келет. Батышка каршы дегени эмне? Бул ошол эле адам укугу, демократиянын принциптери, сөз эркиндиги".

Бейөкмөт уюмдардын иши

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта жарандык коом, бейөкмөт уюмдар өтө активдешип, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдөн саясий кризистерди чечүүдө чоң ролду ойноп келет. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 22 миңден ашык бейөкмөт уюм расмий каттоодон өткөн.

Алардын 90% Бишкек менен Ош шаарында, калганы өлкө аймактарында иш жүргүзөт.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын башында БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), АКШнын өнүктүрүү агенттиги (USAID), Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA), "Сорос-Кыргызстан" фонду, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Глобалдык фонд жана башка донорлор бар. Булардан тышкары чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү өзүнчө жардам бөлүп келет.

Бул уюмдар алыскы аймактагы социалдык көйгөйлөрдөн тарта бийлик органдарын реформалоого, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, депутаттардын ички жана тышкы сапарларын каржылап, тажрыйба алмашууга чейин колдоп келет.

XS
SM
MD
LG