Кытайдын Кыргызстандагы элчисине "Достук" ордени ыйгарылды

Ду Дэвень, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге "Достук" орденин 9-октябрда тапшырды.

Сыйлыкты тапшырып жатып, мамлекет башчысы ордендин маанисин түшүндүрдү.

"Кыргызстан сиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле кыргыз-кытай мамилелери жогорку деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык кызматташтыктын ийгиликтүү алга жылышына, маданий-гуманитардык байланыштардын жана башка тармактардын чыңдалышына канааттанарын билдирди.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, бул сыйлык тараптардын мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн иштөөгө шыктандырарын белгиледи.

Президент Жапаров катышкан, 19-майда Сиан шаарында өткөн "Кытай – Борбор Азия" саммитинде Бээжин Кыргызстанга 300 миллион юань же 43 миллион долларлык грант берери маалым болгон.

Майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзсө, анын 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз болгон. Ал сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары Кытайга туура келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда абактагы блогер Абдукодир Муминов жаза камерасына киргизилдиБажы кызматынын төрагасы Казакстан кармап жаткан жүктөр жөнүндө маалымат берди“Чет элдик өкүл” мыйзамы парламенттик дагы бир комитетте биринчи окууда колдоо тапты11-октябрда күн ачык болот