Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Бажы кызматынын төрагасы Казакстан кармап жаткан жүктөр жөнүндө маалымат берди


Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.
Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 10-октябрдагы отурумунда депутат Алишер Козуев кыргыз-казак чек арасындагы жагдайга байланыштуу маселе көтөрдү.

Ал сентябрда Казакстан тарап октябрь үчүн жүк өткөрүүнүн планын бекитпей созуп келгенин белгилеп, бул Кыргызстан тарапка канчалык зыян келтиргенин сурады.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев Казакстан тараптан күйүүчү майды өткөрүү чектелген маалда 200 млн сомдой салык түшпөй калганын маалымдап, кийин маселе кайра жөнгө салынганын, жыл соңуна чейин планга жетишерин тактады.

Мындан кийин Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Казакстан кармап жаткан жүктөр жөнүндө маалымат берди:

“Казакстан өлкөсүнөн темир жол аркылуу келе турган жүктөр боюнча эки тараптуу макулдашуулар бар. Бирок казак тарап аны көп учурда сактабай коет. Биздин ишкерлердин жүктөрү, контейнерлери быйыл эле эмес, эки жылдан бери кармалып турган учурлар бар. Алардын баарын чечүү үчүн тапшырма берилген. 2022-жылдын башында Арзыбек Кожошев (ошол учурда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болчу-ред.) баш болуп, вице-премьерлердин деңгээлиндеги жолугушууда ар бир мамлекет өз мыйзамдарын унификациялоо кылары жөнүндө сөз болгон. Азыркы күнгө чейин Казакстан тараптан ал тапшырма аткарылбай келет. Ошол себептен көп жүктөр туруп калууда. Мунун баарын биздин пландык көрсөткүчтөргө көп кедергисин тийгизбейт, бирок ошол жүктүн баары келип берсе, биз планды мындан да жогорку деңгээлде аткармакпыз”, – деди Самат Исабеков.

3-октябрда Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирип чыккан. Бирикме “Кыргыз темир жолу” ишканасы “Казакстан темир жолы” менен 1-сентябрдан бери сүйлөшүп жатканын, казак тарап октябрга карата жүк алып өтүүлөрдүн айлык планы тууралуу макулдашууну кабыл албай жатканын билдирген.

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы “күйүүчү майды Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүүдөгү бул көйгөй 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгын жаратышы мүмкүн” деп эскерткен.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 4-октябрдагы билдирүүсүндө “Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду” деген маалымат жалган экенин, тартыштык пайда болот деген кооптонуулар негизсиз экенин маалымдады. Мекеме “Казакстан темир жолы” ишканасы менен октябрга карата Кыргызстанга 144 миң тонна көлөмүндөгү мунайзат жеткирүүнү макулдашканын да тактаган.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 1,3-1,5 млн тоннадай күйүүчү май керектейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG