Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

“Чет элдик өкүл” мыйзамы парламенттик дагы бир комитетте биринчи окууда колдоо тапты


Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет.

“Чет элдик өкүл” мыйзамынын долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин дагы бир комитетинде колдоо тапты. Бүгүн 10-октябрда маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетте каралып, концепциясы биринчи окууда жактырылды жана 17-октябрда парламенттик талкуу өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мыйзам долбоору тууралуу демилгечи Надира Нарматова маалымат берди:

Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

«Бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок. Адам укуктарын басмырлоого эч тиешеси жок. Ошол эле учурда биз коммерциялык эмес уюмдардын иштөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүк ачуу менен бирге алардын жоопкерчилиги тууралуу да пункт киргиздик. Көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатат. Жогорку соттун колдогон чечими бар, Башкы прокуратура да өзүнүн макулдугун берген, өкмөт дагы айрым сын-сунуштар менен макулдугун берген”.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 3-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды – Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Жамила Исаева жана Арсланбек Малиев.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Нарматованын Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдошкон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган жана “Бул уюмдар мамлекет жана рынок институттары тийиштүү деңгээлде аткара албай жаткан функцияларды аткарып, коомдогу социалдык чыңалууну басып турушат” деп белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG