Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Өзбекстанда абактагы блогер Абдукодир Муминов жаза камерасына киргизилди


Өзбекстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жаза аткаруу департаментинин тергөө абагында отурган блогер Абдукодир Муминов "түзөтүү мекемесинин ички эрежесин бузганы үчүн" 9-октябрда 10 күнгө карцерге киргизилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматына блогердин апасы Сабохат Абдуллаева билдирди.

Ал уулунун жаза камерасына киргизилишине анын 6-октябрдагы апелляциялык сотто сүйлөгөн сөзү себеп болгон деп эсептейт.

6-октябрдагы отурумда Абдукодир Муминов президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, абакта аны кыйноого алышканын айткан. 8-октябрда анын кайрылуусу социалдык түйүндөргө жарыяланган.

Тергөө абагынын жетекчилиги Абдукодир Муминов түрмөнүн ички эрежесин апелляциялык сотко чейин, 20-сентябрда бузганын билдирди. Бирок карцер тууралуу маалыматты тактаган жок.

6-октябрда Ташкент шаардык сотунда өткөн апелляциялык отурумда 7,3 жылга соттолгон блогер Абдукодир Муминовго чыккан буга чейинки өкүм күчүндө калтырылган.

4-августта кармалган Абдукодир Муминов президент Шавкат Мирзиёевди кескин сындап келгени менен белгилүү. Укук коргоочулар менен социалдык түйүн колдонуучулары ал Мирзиёевдин күйөө балдарынын бизнестери жөнүндө жасаган иликтөөлөрү үчүн камалды деп эсептеп келишет.

Тергөөнүн расмий версиясында ал Кылмыш-жаза кодексинин "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу", "Опузалап акча талап кылуу", "Алдамчылык", "Соода эрежелерин бузуу" жана "Пара берүүгө катышуу" беренелери менен айыпталган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG