Израил Газа тилкеси менен чек арада көзөмөлдү калыбына келтирди

Израил Газа тилкеси менен чек арасын толук көзөмөлгө алганын армиянын өкүлү Даниел Агари 10-октябрда билдирди.

"Акыркы 24 саатта бир дагы террорчу тосмодон өткөн жок. Азыр миналардан тазалоо иши жүрүп жатат", - деп кошумчалады Хагари.

Израил армиясы ХАМАСтын бир нече мүчөсү дагы деле Израилдин аймагында жашырынып жүргөнүн белгиледи. Такталган маалыматтарда Израилге чабуул коюлгандан бери 1 500 согушкер жок кылынганы айтылат.

10-октябрга карата Израилде ХАМАСтын чабуулдарынан каза болгондордун саны 900дөн ашты. Алардын арасында Таиланд, Аргентина, АКШ жана Орусия сыяктуу башка өлкөлөрдүн жарандары да бар. Ал эми Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан набыт болгондордун саны 700гө жетти.

БУУнун эсебинде, Израилдин Газа тилкесиндеги соккуларынын натыйжасында кеминде 790 үй кыйрап, 5 миңден ашууну зыянга учурады. Инфраструктуранын бузулушунан улам 400 миңге жакын адам таза суу жана канализациясы жок калды.

7-октябрда эртең менен АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасаган. Буга жооп катары Израил армиясы Газага сокку уруп, аймакты курчоого алды.

Дагы караңыз

Өзбекстанда абактагы блогер Абдукодир Муминов жаза камерасына киргизилдиБажы кызматынын төрагасы Казакстан кармап жаткан жүктөр жөнүндө маалымат берди“Чет элдик өкүл” мыйзамы парламенттик дагы бир комитетте биринчи окууда колдоо тапты