Чүйдө эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Көк-Жар конушунда эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси жана чогуу жашаган түгөйү камалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 28-сентябрда милицияга 2021-жылы туулган наристе белгисиз себептерден улам чарчап калганы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүдө баланын денеси көгала экени белгилүү болгон.

Бул фактыга байланыштуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Соттук-медициналык экспертизада наристе катуу соккудан боору үзүлүп кеткени аныкталган. Кылмышка шек саналып анын 2000-жылы туулган энеси, чогуу жашаган түгөйү, 1996-жылы туулган чет өлкөнүн жараны кармалып, милициянын тергөө абагына киргизилди.
Кылмыш ишин тергөө уланып жатат.

Дагы караңыз

ЖКда эгемен тарыхтагы негизги саясий окуяларды окутуу сунушталды ЖК комитети "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды Бишкекте 40тай тез татым жайы текшерилди, 10у убактылуу жабылдыПрезидентке кайрылган миңден ашык соттолуучунун 330уна ырайым берилди ЖК: комитет карызын аэропорттордо төлөөгө жол ачкан мыйзамды колдоду Казакстан: петицияда 50 миңден ашык кол топтогон маселе өкмөттө каралат