Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Бишкекте 40тай тез татым жайы текшерилди, 10у убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору соңку эки күндө 37 тез татым жайын текшерип, алардын 10ун убактылуу жапты. Аныкталган кемчиликтерге байланыштуу жалпысынан 36 протокол толтурулуп, 588 миң сом айып пул салынды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүн текшерүүнү тапшырган.

Соңку маалыматка ылайык, шаардагы тез татым түйүндөрүндө шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ооруканага 36 адам жактырылганын, алардын арасында 10 жаштан 14 жашка чейинки беш бала бар экенин билдирди. Алардын абалы канааттандыралык.

Саламаттыгы жакшыра баштагандар үйлөрүнө амбулатордук дарылоого чыгарылат.

Буга чейин жапырт уулануу Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында болгону кабарланган. Бул жайларга 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылган.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

XS
SM
MD
LG