Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

ЖКда эгемен тарыхтагы негизги саясий окуяларды окутуу сунушталды


Кыргызстандагы мектептердин бири, иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири, иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети билим берүү жана илим министри кызматына Догдургүл Кендирбаеванын талапкерлигин карап жатат. Анда суроо берүү учурунда депутат Жусупбек Коргонбай уулу мектептерде өлкөнүн эгемен тарыхындагы бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылап өңдүү негизги саясий окуялар окутулушу керектигин билдирди.

"Кыргызстандын тарыхы деген китеп бар. 2005-жылы Кыргызстандын тунгуч президенти качып кетти, 2010-жылы Курманбек Бакиев качты, бул окуялар качан тарых сабагына кирет? Же биз тарых сабагынан 1917-жылдагы революцияларды окутуп жүрө беребизби? Жаш муун өлкөнүн эгемен тарыхындагы ар бир баскан жолду, мамлекеттин өнүгүү жолун билиши керек. Мисалы, Садыр Нуркожоевичтин камалганын, чыгып президент болгонун, баарын окуучулар, жаш муундар билиши керек",-деди Коргонбай уулу.

Кендирбаева бул сунуш эске алынарын айтты.

Мунун алдында Социалдык саясат комитети министрлик кызматына Кендирбаеванын талапкерлигин жактырган. Ал президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 28-сентябрда министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG