Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Президентке кайрылган миңден ашык соттолуучунун 330уна ырайым берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 3-октябрдагы жыйынында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү жана "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү долбоорун экинчи окууда жактырды. Эми документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Комитет жыйынында президенттин администрациясынын Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы Светлана Бондарева ушул жылы мамлекет башчыдан ырайым сурап миңден ашык соттолуучу кайрылганын билдирди.

"2023-жылы биздин комиссия ырайым сураган 1038 кайрылууну карады, алардын ичинен 330 адамга гана ырайым берилди".

Жыйында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзамдагы айрым өзгөртүүлөр өмүр бою эркинен ажыратылган жарандарга тиешелүү экенин билдирди. Азыркы мыйзамга ылайык, өмүр бою кесилген адам түрмөдө 20 жыл отургандан кийин президенттен ырайым сурай алат, андан баш тартылган учурда экинчи жолу 10 жылдан кийин гана кайрылса болот. Долбоордо 10 жылды беш жылга кыскартуу сунушталып жатат.

Учурда Кыргызстандан абактарында өмүрүнүн акырына чейин кесилген 355 жаран отурат.

XS
SM
MD
LG