Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кабарлады. Ага ылайык, бул окуядан улам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөрдү.

"Жапырт уулануу шаардагы Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында болгон. Жабыркагандар шаурмага ууланышкан. Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Калган алты адам амбулатордук дарылоодо. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жапырт ууланган окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Дагы караңыз

Ошто 12 жаштагы бала кутурмадан каза болду Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсия жогорулайт Ногойбаева зөөкүр экс-күйөөсү жөнүндө бир нече жолу арызданганын айттыТажикстан Ооганстан тууралуу жыйында декларацияны колдогон жокЫсык-Көлдө күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду “Кыргыз темир жолу”: Бээжинде темир жол куруу долбоору талкууланат АКШ: Өкүлдөр палатасы убактылуу, 45 күндүк бюджетти жактырды Акылбек Жапаров "Кыргызкөмүрдүн" маселелерин чечүүнү тапшырды Армения Азербайжанга каршы БУУнун эл аралык сотуна арыз бердиТөрөбаев үч өлкөнүн темир жол куруу долбоору токтобогонун айтты