Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Ысык-Көлдө күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун билдиришинче, Ысык-Көл облусунда 1-октябрда таңкы саат 03.30дар чамасында күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

"Жердин силкинүүсү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 4 балл, Тоң, Темир-Канат, Эшперов, Төрт-Күл айылдарында 3,5 балл, Тамга айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору болгон зонага - Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору кирет. Жалал-Абад облусунда - Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору, Ош облусунда — Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору, ал эми Баткен облусунда - Кадамжай району, Нарын облусунда - Кочкор району кооптуу зоналар болуп саналат.

Өлкөдө жылына орто эсеп менен 3000 жер титирөө катталат, анын он-жыйырмага жакыны беш баллдан ашкан магнитудадагы жер титирөөлөр. Жер титирөөнүн очогу жер кыртышынын чегинде жайгашкан. Көпчүлүк гипо-борборлор 5 чакырымдан 25 чакырымга чейинки тереңдикте орун алган.

XS
SM
MD
LG