Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Акылбек Жапаров "Кыргызкөмүрдүн" маселелерин чечүүнү тапшырды


Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал көмүр казуу иштери, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын даярдыгын текшерди. Жапаров аталган кендин “Борбордук” деп аталган бөлүгүнө дагы барды.

“Анда “Кыргызкөмүрдүн” директору ишкананын бир катар көйгөйлүү маселелерин айтып, карьердеги жумуштун оордугун, утурумдук кезекти жана мамлекеттик ишкананын рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүн белгиледи. Акылбек Жапаров кырдаалды ийне-жибине чейин изилдеп, талдап чыгууну, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштоону тапшырды”,-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айдын башында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын билдирген. Ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга жардам берерин кошумчалаган. Министрдин орун басары Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатканын, анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүндүгүн тактаган.

Көп өтпөй министр Таалайбек Ибраев Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү сатыларын маалымдаган. Анда көмүр Балыкчыдан бери көздөй темир жол аркылуу ташылып келгендиктен бир аз арзаныраак түшөрүн, 5 миң сомдун тегерегинде болорун кошумчалаган.

Кыргызстандагы 30га жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. Нарындагы Кара-Кече көмүр кени “Кыргызкөмүргө” таандык, анда эки жүздөй адам эмгектенет.

XS
SM
MD
LG