Армения Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык сотуна Азербайжанга каршы арыз жолдоду. Анда Бакудан Тоолуу Карабакка байланыштуу Расалык кодулоонун бардык түрүн жоюу тууралуу эл аралык Конвенцияны сактоону талап кылды.
Аталган соттун сайтына жарыяланган арызда “Азербайжан Тоолуу Карабакта калган армян тектүү жарандарды кетирүүгө мажбурлаган түз жана кыйыр аракеттерди жасабашы керектиги” жазылган. Ошондой эле аталган аймактын азыркы жана мурунку саясий ишмерлерин же аскерлерин куугунтуктоодон карманышы зарылдыгын эскерткен.
Расмий Баку бул арыз тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 100 миңге чукулдаганы белгилүү болгон. Армян өкмөтү алардын ичинен 20 миңден ашыгы мамлекеттик турак жай менен камсыз болгонун билдирген.
Жыл башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңдей адам жашап жаткан.
Аталган жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 28-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Бакуну "этностук тазалоого" айыптаган. Азербайжандын бийлиги дооматты четке кагып, Тоолуу Карабакта жашагандарды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.
28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.
Тоолуу Карабактан агылган качкындар үчүн аймакты Армения менен байланыштырган Лачын коридорунун жанында гуманитардык борбор ачылган.