Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусун жуктуруп алгандан кийин каза болду. Бул маалыматты шаардык балдар ооруканасынын дарыгери Наргиза Абдикаримова тастыктады.
Баланы ит капкан окуя август айында Өзгөн районунда болгон. Анын жакындары убагында дарыгерлерге кайрылган эмес. Өспүрүмдө оорунун белгилери байкалганда гана аны ооруканага алып келишкен. 20-сентябрда андан кутурманын белгилери аныкталып, 26-сентябрда көз жумган.
Август айында Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит каап алган сегиз адам ооруканага жатып чыккан. Алардын арасында үч жашар наристе дагы болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалганын, инфекциянын жайылытпоо үчүн эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар болгонун билдирген.
Жолбун ит андан сырткары үч бодо малга дагы тиш салганы аныкталган.
Адамдарга кутурма оорусу дээрлик 99% учурда иттен (каап алганда шилекейи аркылуу) жугат. Илдетти башка жаныбарлар дагы жайылткан көрүнүштөр кездешет. Адистер ит тиштегенде сөзсүз дарыгерлерге кайрылуу керектигин эскертишет. (DSh)
Дагы караңыз
Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсия жогорулайт Ногойбаева зөөкүр экс-күйөөсү жөнүндө бир нече жолу арызданганын айттыТажикстан Ооганстан тууралуу жыйында декларацияны колдогон жокЫсык-Көлдө күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду “Кыргыз темир жолу”: Бээжинде темир жол куруу долбоору талкууланат АКШ: Өкүлдөр палатасы убактылуу, 45 күндүк бюджетти жактырды Акылбек Жапаров "Кыргызкөмүрдүн" маселелерин чечүүнү тапшырды Армения Азербайжанга каршы БУУнун эл аралык сотуна арыз бердиТөрөбаев үч өлкөнүн темир жол куруу долбоору токтобогонун айтты