Нью-Йорк соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты жана анын үй-бүлөсүн алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапты. Трампка өзүнүн активдеринин баасын мыйзамсыз көбөйткөн деп айып тагылган. Мындай чечимди 26-сентябрда судья Артур Энгорон чыгарганын Reuters жазды.
Трампка каршы доо арызды былтыр сентябрда Нью-Йорктун башкы прокурору Летициа Жеймс жазган. Ал The Trump Organization компаниясы насыя жана камсыздандыруу боюнча жеңилдиктерди алуу үчүн каржы органдарын он жыл бою алдаган деп айыптаган.
Соттун чечими акыркы эмес, жарандык доо боюнча ишти кароо 2-октябрда да уланарын маалымат каражаттары жазып чыкты.
Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.
Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кылган деген айып менен козголгон кылмыш ишин сотто териштирүү келерки жылы мартта башталат.
Дагы караңыз
"Чөп жок, малды саттык". Элетте тоют тартышЖыл башынан бери казинодон 46 миллион сом салык түштүГермания Азербайжанды Карабакка байкоочуларды киргизүүгө чакырды