Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

"Чөп жок, малды саттык". Элетте тоют тартыш


Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде тоют маселеси көтөрүлдү. Депутат Эмил Жамгырчиев жем-чөп кескин кымбаттап, Нарында фермерлер малын сата баштаганын айтып, өкмөттү малчыларга арзандатылган насыя берүүгө чакырды. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют маселеси курчуп жатат.

Кыргызстандын түштүк облустарында жем-чөптү фермерлер Чүйдөн, Таластан сатып келүүгө аргасыз болуп жатканын айтууда. Бирок ал аймактарда деле абал жакшы эмес. Ошондуктан айрым фермерлер мал-жандыктарын базарга алып чыгып сатып, азайтып жатат.

"Саманды Таластан, Чүйдөн алып келип жатабыз"

Өзгөндүн тургуну Зайна Базарбаева отуз жылдан бери асыл тукум жылкы багып, башын жүзгө чейин жеткирген. Бирок жылдан-жылга тоют менен камсыздоо оор түйшүккө айланып, быйыл каатчылык курч дейт ал. Анын айтымында, ушу тапта мал этинен түшкөнчө сатып жиберсек дегендер көп.

“Мен бул жылкыларды отуз жылдан бери көбөйтүп, асылдандырып келем. Быйыл ушундай аргасыздык болуп калды, кыштан чыгуу үчүн башын азайтууга туура келүүдө. Бирок мал арзан болуп жатпайбы, сатыкка көп чыкса эле ушундай болот экен. 200 миң сомдон алган жылкылар азыр базарда 120 миң сом. Былтыр алты ай колдо карадым - асыл тукум жылкылардын талаага да таштап койо албайт экенсиң. Жылкы көп жеген жаныбар да”, - дейт Зайна Базарбаева.

Ал быйыл 30 тоннадан ашык жем камдаган. Бирок кыш узакка созулуп кетсе, жетпей калат деп санааркап турат. Азыркы тапта Ош шаарына Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат райондорунан келип жем-чөп сатып кеткендер көп болууда. Ош шаарынын чыгыш тарабындагы Ош - Сары-Таш - Эркечтам автоунаа жолунун боюнда чөп саткан базар иштеп жатат.

Чөп сатуу менен алектенген Эмил Карыбеков оор жүк ташуучу автоунаасы менен 400 ашык түк саманды Таластан жүктөп келген.

“Быйыл чөп сурагандар көп. Чөптү, саманды Таластан, Чүйдөн алып келип сатып жатабыз. Саман тез эле түгөнүп калууда. Алай, Кара-Кулжадан келип алып кеткендер көп”, - деди Эмилбек Карыбеков.

Ошто азыр бир түк беденин баасы 500 сомдон, чөп, самандын бир түгү 300-400 сомдон сатылууда.

Соңку жылдары тоют жана жайыт маселеси мал чарбачылыгы менен алектенген тоолуу райондордогу курч көйгөйлөрдүн бирине айланды.

“Ошто өткөн жылга салыштырмалуу тоют аз. Ал эми жайыттарды калыбына келтирүү иши жүрүп жатат. 2035 гектар жерге себүү үчүн үрөн бөлүнүп берилди. Бул ишти быйыл октябрь айынан баштайлы деп турабыз. Азыркы учурда графиктери каралып жатат”, - деди президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Данияр Баатыров.

Ош облусунун аймагында 100 миңге чукул жылкы, 400 миң бодо мал, 1 миллион 120 миңден ашык кой-эчки бар. Тоют жетишпегендиктен аларды туягы кескин азайышы мүмкүн.

Тоют тартыштыгы бир эле Ош облусунда эмес, өлкөнүн бардык аймактарында байкалууда. Өкмөт сентябрдын башында тоютту сыртка экспорттоого киргизген чектөөнү дагы алты айга узарткан.

Анткен менен тоюттун баасын туруктуу кармоого мүмкүн болбой калды.

"Чөптүн баасы күн сайын өсүп атат"

Ушул тапта Ысык-Көлдө бир түк чөп 500 сомго чейин, Нарында 450 сомдон сатылууда. Арпа самандын баасы 220 сом, жемдин килограммы 23 сомго чейин чыкты.

Ысык-Көлдүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы фермер Нурбек Токтосунов 2,5 миң түк чөп сатып алышы керек. Бирок каражат жетпегендиктен 20дай топозду сатууга туура келет дейт.

"Чөптүн баасы күн сайын өсүп жатат. Бүгүн бир түгү 480 сомго чейин чыгыптыр. Менин эсебимде дагы 1 миллион 800 миң сомго чөп сатып алышым керек”.

Кара-Балтадагы мал базар. Архивдик сүрөт.
Кара-Балтадагы мал базар. Архивдик сүрөт.

Айыл чарба министрлигинин мал-чарба жана ветеринария бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров тоют маселесинен улам фермерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтууда:

“Тоютту сыртка чыгарууга тыюу салынды. Тоютка болгон муктаждык 35 пайызды түзөт деп күтүлүүдө. Азыр кошумча тоют камдоо иштери жүрүп жатат. Учурда бир түк чөптүн орточо баасы Нарын жана Ысык-Көл облустарында 350-450 сомго чейин болууда”.

Нарындын Жаңы-Күч айылынын тургуну, фермер Ишенбек Кулманов жакында эле Ат-Башынын базарына жети бодо малын сатып келгенин кеп салды. Дагы 5-6 бодосун сатмакчы.

“Ат-Башыда чөп, тоют маселеси аябай курчуду. Базарга малыбызды алып чыксак, жазында алган баабыздан көтөрүлбөй жатат. Бизде азыр бир түк чөп 450 сомго чейин сатылууда. Арпанын килограммы 23 сомдон. Базарда "чөп сатам" деген киши жок. Баары эле алам деп жүрөт”, - дейт Кулманов.

Фермердин айтымында, Ат-Башыдагы базарда кой 8-1 2 миң сомго чейин бааланып жатса, козулар 5 миңден сатылып жатат. Эттүү уйлар 55 миңге бааланса, жылкылар 100 миңден өйдө. Тайдын баасы 45 миң сомдон жогору.

“Бодо мал чөптү көп жейт. Ошондуктан уйларды саттым дагы, койлорду гана алып калдым. Базар баасы арзан. Азыр чөп алайын деген деле киши жок, баары эле малын сатып жатат. Эгер чөбүм жетпей калса сатам деп эки торпокту камдап койдум”, - дейт Ат-Башынын тургуну Алмазбек Дүйшеев.

Ал быйыл үч жарым гектар жерине чөп айдап, 130 боо чөп алган.

Кочкор районунда бир түк чөптүн баасы 400 сомдон 470 сомго чейин. Ал эми базарда малдын семизи кымбат. Койлор 10-15 миңге чейин болсо, жылкы 100-135 миңге чейин, музоолуу уйлар 70 миң сомдон сатылууда.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров ар бир райондо жем-чөп даярдай турган цехтерди уюштуруп берүү пландалып жатканын айтууда.

“Облус боюнча жалпы 75 миң гектардан ашык тоют топтоочу жер бар. Жалпы облус боюнча чөптүн эки чабыгы тең жыйналды. Былтыр 281 миң 479 тонна жыйнадык эле, быйыл 228 миң 796 тонна тоют топтолду. Тоюттун аз болгондугуна көп себептер бар. Кургакчылыктан мурда дагы жаз кеч келип, суук болду. Ошондой эле суу тартыштыгы да таасир этти. Азыркы убакта фермерлер чөп жыйнап жатат. Сатыкта чөп бар”, - деди ал.

Чөлкөмдө акыркы беш жылда климаттык өзгөрүүлөр карапайым кишилердин жашоо-тиричилигинен да кадыресе байкала баштады.

Дыйкандар сугат суудан, мал кармагандар тоют жетишсиздигинен кыйналып жатат. Жаан-чачын болбой чөп чабылуучу жерлер, жайыт жакырданууда. Айыл чарба министрлиги өлкөдө малдын саны да көбөйгөнүн белгилеп, сандан сапатка өтүүнү сунуштап келет. Мындай абал калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен жан сактаган тоолуу райондордогу элди каражат табуунун башка дагы булактарын караштырууга аргасыз кылды.

XS
SM
MD
LG