Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:48

Германия Азербайжанды Карабакка байкоочуларды киргизүүгө чакырды


Анналена Бербок
Анналена Бербок

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок 27-сентябрда Азербайжанды эл аралык байкоочуларды Тоолуу Карабак аймагына киргизүүгө чакырды.

Өткөн аптада Баку Карабакты аскердик операция жарыялап, аймакты көзөмөлгө алган. Андан бери миңдеген этностук армяндар жер которуп, Арменияга кетип жатат.

25-сентябрда АКШ Тоолуу Карабактагы тургундардын укуктарын жана коопсуздугун кепилдеген эл аралык миссия түзүүнү сунуштаган. Ал эми Москва бул Бакунун макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Мурдараак Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын айткан.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген.

Азербайжанга кошулууну каалабаган жергиликтүү армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Ереван тараткан расмий маалыматтарга ылайык, 27-сентябрга карата 28 миңден ашуун адам көчүп барды.

Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт. Армян өкмөтү Бакунун карамагына өткөн аймакта этностук армяндардын тынч жашоосуна кепилдик жоктугун белгилеп, качкындарды кабыл алуу мөөнөтү чектелбей турганын да жарыялаган.

XS
SM
MD
LG