Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

Жыл башынан бери казинодон 46 миллион сом салык түштү


Иллюстрация
Иллюстрация

Финансы министрлиги 2023-жылдын январь-август айларындагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун жарыялады.

Отчетто казинодон 46 млн. 350 миң (46 350 000,00) сом салык түшкөнү жазылат. Букмекер кеңселери жана тотализатор оюндарынан 1 млн. 400 миң (1 400 000,00) сом салык чогулду.

Кыргызстан учурда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган "Гранд казино" гана иштеп жатат. Ал президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Ачык бюджет сайтындагы маалыматка ылайык, "ГРАНД КАЗИНО” лицензия алуу үчүн өкмөткө 84 млн. сом төлөгөн.

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд. сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG